Замир Мырза "Өзүң деп"
04:07
3,78 Мб
Жүктөлгөн: 30-06-2011
Сөзү:Алтынбек Алымовдуку
Обону:Замир Мырзаныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.81/5
(16 добуш)
Карагат көзүңө, кадалып өзүңө,
Тамшанып тойбоймун,
Күлкүң толкуп көңүлдө.
Сезилет жомоктой,
Серпилген чачтарың.
Ирмелип кирпиктериң,
Ийилет го каштарың.
Гүл болуп ачылган,
Нур болуп чачылган.
Көз салып артыңдан,
Жүрөм сага ашыга.
Күндөгү чүрөксүң,
Жылдызды жазданган.
Бийиксиң кол жеткис,
Бийлеп жүрөк назданган.

Кайырма:

Кучагымды жайдым,
Чакырдым махабаттын шаарына.
Кумарымда айдын,
Бөлөнөсүң түн асманымда.
Кулачымды жайдым,
Таң жок сен менен тоскон,
Ак таңымдай...
Өзүң деп мен калдым,
Өзүң деп...жалгыз өзүң деп...

Ажарың бир сулуу,
Көктөгү булуттай.
Ак куудай жүзүңдү,
Жүрөмүн да унутпай.
Сезимди козгогон,
Секетим ардагым.
Жүзүңдөн нур болуп,
Бүт дүйнөмдү арбадым.
Эзилет жүрөгүм,
Эркимди баса албай.
Сүрдөнүп өзүңдөн,
Жандап кадам бара албай.
Катылган сыр болдуң,
Ачылбай каламбы?
Жел болуп артыңдан,
Жетпей аттиң кыламбы?

Кайырма:



Комментарийлер (9)

01.07.2011. 01:09
 Bargy
Жакшы ыр экен!
01.07.2011 18:14
jua
Bargy,
07.07.2011. 02:59
 bekaLz
Зачет!!! нормалек................
17.07.2011. 20:31
 janyl-myrza
Отличная песня.(только вес набирать больше не надо)
19.07.2011. 10:23
 AzaBaza
Норма, Молочик. Ийгилик
22.07.2011. 20:29
 toga
Соооонун! Бирок мага прическасы жакпайт! А так уну жана озу жакшы эле жигит! Алга ! (Прическаны бир аз стилдуу кылып ондоп алчы, сураныч)
23.10.2011. 22:52
 TUUGAN
Супер !!!
30.12.2011. 00:30
 Sultanbekovdor
Песенка просто сурер!!!!!!!!!!!!
03.07.2012. 20:01
 Aikusia
Любимая песня моего любимого.... по этому обожаю песню
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо