Замир Арыкбаев "Бийчи кызга"
03:48
3,5 Мб
Жүктөлгөн: 01-07-2011
Сөзү:Ажымамбет Сатыбалды
Обону:Азимжан Мамбетжума
Көчүрүү
  • Currently 4.31/5
(13 добуш)
Бийле, бийле, сулуу кыз,
Бийиңизге абдан ашыкпыз.
Бийиңизди дагы көрсөк деп,
Дайрадай толкуп-ташыппыз.

Бийле, бийлеп коюңуз,
Сизде калды биздин оюбуз.
Суктандырат көргөн адамды,
Ак куудай аппак боюңуз.

Кайырма:

Кымча белиң, кара чачың, каштарың,
Кызыктырат кылыктарың, басканың.
Тилегимди билсең экен,
Түшүмө да кирсең экен,
Тең кылбайм сага башкасын.

Бийле, бийле гүлдөй ачылып,
Мен да бийге абдан жакынмын.
Сезимдерди кайра ойготуп,
Жылдыздай бийле чачылып.

Бийле, бийле, сулуу кыз,
Бийиңизге абдан ашыкпыз.
Бийиңизди дагы көрсөк деп,
Дайрадай толкуп-ташыппыз.

Комментарийлер (9)

06.07.2011. 09:52
 Turdubek
Ыр жакшы, Замир ушул бойдон журо бер!!!!!!!
07.07.2011. 09:12
 Malika88
Замир байкенин начар ырдаган ырын угу элекмин. Ушунуздан жазбаныз, чыгармачылык ийгилик
08.07.2011. 09:08
 zhiza
Жагымдуу ыр экен.Чыгармачылык ийгилик!!!
09.07.2011. 02:26
 Zhenishbek
Эн жакшы!!!
10.07.2011. 02:55
 lolo
Ak kuudai appak boiunuz degeni kyzyk eken :( Ak kuudai appak boi bolmok bele ondogula al jagin "moiununuz" dep.
10.07.2011. 02:57
 lolo
Ununuz jakshy, yrlaryniz jakshy iygilik sizge :)
07.08.2011. 14:32
 TolonturCN
Кытайлык кыргыздын ыры экенин эскерте кетсекиздер болмок.
23.08.2011. 17:51
 Kg_GiRl
Класс песня...)))
23.08.2011. 22:51
 Nasy
Замир азаматсын ийгилик каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо