Гүлнара Кахарова "Туулган күн"
03:31
3,24 Мб
Жүктөлгөн: 06-07-2011
Сөзү:Ж. Исабаеваныкы
Обону:Б. Мамаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.31/5
(13 добуш)
Бокалдардын шыңгыр эткен дабышы,
Кубанычтан толкуп жүрөк кагышы.
Мага жагат менин туулган күнүмдө,
Ойноп-күлсө коноктордун баарысы.

Кайырма:

Бейиш болуп досторумдун арасы,
Кандай гана бактылуумун, карачы?!
Кереги эмне байлык, бийлик башканын?
Ырлар, анан достор менин канатым.

Мага жагат көздөр кирсиз караган,
Капаланып, кайгырбаса жан адам.
Мага жагат бири-бирине жакшылык,
Бакыт гана тилеп турса ар адам.

Кайырма:

Кетсе кайра келбейт экен жаштыгың,
Ырдайлычы тирүүлүктүн жакшы ырын.
Жок дегенде бүгүн, курбум, айтпачы,
Бул жашоодо өмүрлөрдүн аздыгын.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

07.07.2011. 19:48
 danka
Смысл песни классный
24.07.2011. 21:47
 MUSYA
Гулнара эженин башка ырларын дагы жукоп койгулачы..сураныч..
25.07.2011. 18:43
 abaychik
Гулнара эженин ырларын уксан жан дуйнон эргийт
25.07.2011. 18:45
 abaychik
ушул ырларды кантип комп.ко жуктоп алса болот жардам берип койгулачы
11.09.2012. 15:32
 Tazash
Унунуздон сиздин,сиздей ырчы болгум келген.Бирок турмуш башка жака суйроп кети.
16.10.2012. 00:01
 Zhoodar.
сонун ыр, мага жагат, кандай гана маныздуу ыр эе?
26.02.2014. 16:34
 DaniilDiana
аффигенская))) обожаю её!
31.05.2014. 11:59
 eldar87
Охх оххх кандай создор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо