Кутман Жолдошев "Таң сыры"
04:01
1,86 Мб
Жүктөлгөн: 10-08-2011
Сөзү:А.Исаевдики
Обону:С.Жумалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(8 добуш)
Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылгам,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.

Кимге барып күйүтүмдү,
Кимге айтып өтүнөм?
Кимге барып күйүтүмдү,
Кимге айтып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?

Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм, кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?

Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.

Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм, көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.

Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.

Комментарийлер (15)

11.08.2011. 12:29
 Akyikatchy
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү - ушул саптарды укканда 1-президентибиз Аскар Акаев эске тушот.
12.08.2011. 23:43
 asboi
Бул ырды ким гана ырдаган жок. Бирок МузАрт менен Мирбекке жетиш кайда.
18.08.2011. 14:24
 muhamedali
Мирбек лучше спел
24.08.2011. 15:46
 Jan.76
Жакшы укулуктуу ыр
27.08.2011. 10:47
 merish
соонун ыр
27.08.2011. 10:49
 merish
Мирбектики абдан жакшы болгон
21.10.2011. 20:56
 alumkulov82
кутман аке турганда мирбек, музарт бок жептир
26.10.2011. 15:56
 general
ушу Мирбегинер жанын кыйнап ырдагандан башканы билбейт. эски ырчыларга ким тен келе алат экен? Каныкей менен Тата Уланды эсепке албаганда.
31.01.2012. 11:35
 IRA
Мирбектин бетин башын тырыштырып, кыйкырганынан, КУТМАН ЖОЛДОШОВ ырдаганы 100% жакшы. КУТМАНДЫН унуно Мирбектин уну жетпейт!!!Анан Музартты мактагандарга нааалат!!!!
12.03.2012. 19:42
 asash04
кутман абдан жакшы ыр экен
25.04.2012. 21:30
 baha_kg
кутукенин алдында мирбек менен музарт манка болуп калат
23.08.2012. 08:10
 M.J.A.-9779
бул ырды уксам Москвадан Кыргызстанга бир барып келгендей болом
14.09.2012. 06:26
 Diyas
Эн сонун!
21.01.2013. 21:57
 Мелисбек
Бул ырдын башкача версиясы бар кутман ырдаган, анысы мындандан жакшы, мен кутман озу живой звук менен ырдаганын уккамын.
21.02.2014. 11:47
 Dan1105
Кутман кенээн жана уккулукту ырдайт! Мирбек болсо кыйналып кетет!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо