КЫЗ - БУРАК тобу "Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын"
02:29
2,29 Мб
Жүктөлгөн: 06-12-2010
Сөзү:Азада Бегимкулова
Обону:Маматмуса Бакиров
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(8 добуш)
Ат жалында шамалдай ойнобосо,
Ала-Тоого жүрөгүн толгобосо,
Ата Журттун эртеңин ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Кылыч болуп душманга чабылбаса,
Сен дегенде селдей каптап агылбаса,
Жерин коргоп жарагын тагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Бабалардын салтына багынбаса,
Кырк чилтенге сыйынып жалынбаса,
Имерилип тоолорун сагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Калпак кийип башына эрденбесе,
Калк ишине билек түрүп шерденбесе,
Жети атасын сурасаң, "билбейм" десе,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Кыздарынын намысын коргобосо,
Абийир үчүн чеп болуп орнобосо,
Энесинин көз жашын ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Бири сымал көктө толгон жылдыздын,
Бири өңдүү сууда сүзгөн кундуздун,
Эл ичинде баш калкалап күн көрсө,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Комментарийлер (30)

06.12.2010. 17:02
 Aslana
Менин эн суйуп уккан ырым эле, бирок эски варянты мурдагы кыздардын уну да уккулуктуу сонун эле, а бул жаны кыздар анчалык жеткире ырдай алышпаптыр.
06.12.2010. 20:19
 SIMA
Жакшы ЫР!
06.12.2010. 22:40
 Luckyman
полностью согласен с Жаку
07.12.2010. 13:03
 damirova
da i v pravdu... Soglasna c Jaku!!!
07.12.2010. 17:22
 kuttum seni
Мага тескеринче жаны версиясы жакты.. Азаматсынар!
07.12.2010. 17:48
 bekzhan
eski varianty jakshy! birok janysy dele kalywbayt! silerge jakbasa bashkaga jagat oshon uchun ozunardy japkyla! jakpasa chygyp ket! kapa kyla berbey yrchylardy,ozun yrday albagandan kiyin
08.12.2010. 22:44
 Uzgen Jigit
Баарына салам алекум!!Накта эр журок кыргыз калкым деген жигиттер учун жазылган ыр.
Кыргызымдын намысына доо кетирген,тундук туштук деп болгон адамдар кыргызымдын жигити эмес!
Бул дуйнодо,аркы дуйнодо да бир болойлучу кыргыз калкым!
09.12.2010. 17:15
 areneV
klass
10.12.2010. 15:37
 zzahra
bardik ele nersenin sapati ketip baratkanday attin.murdakilarina jetpeyt eken chin ele.bekzhan mirza ar kim oz oyun jazganga ukuktuu emne biroonu akarat kilip jatasiz.
10.12.2010. 21:58
 Karamel
эмне кылып ырдап салышкан бакырып өкүрүп.
11.12.2010. 09:39
 balykchydan
ушу ыр мага аябай жагатта,
18.12.2010. 03:28
 aminali
Jigitterdi jaman korkutuwkan go,men da korkup kettim.AZAMATTAR.
19.12.2010. 22:29
 baby
кыскараак болуп калган 1 вариантында более кызыктуурак болчу...
27.12.2010. 20:42
 MUSYA
Эски вариантын дагы укпайлыбы?
24.01.2011. 15:36
 Akilchik
молодец бар болсун кыргызымдын жититери!!!!!!!!!!!!
04.03.2011. 12:46
 Kamyt
Эн сонун ыр
16.03.2011. 19:12
 aidaikuz
КЫЗ-БУРАК одна из самых самых лучших певцов в КГ! просто оболденно! особенно МАНАС ЭПОСТУ укмуш окуп коюшат!
24.05.2013 17:26
egoiste
aidaikuz, Кыз-Бурак вроде не певец как я знаю, а одна из ведущих эстрадных групп.
27.04.2011. 09:55
 Kaibek
Кыз Бурактын мурунку курамы мыкты болчу, азыркылар озун жакшы корсото албай жатышат.
26.11.2011. 20:53
 Erkin.90
кыргыздын жигиттери дал ошондой.Чынбы жигиттер
16.01.2012. 22:41
 ainura220888
булар кыйкырып бироону урушкандай болуп калыптыр мурун Кенже менен Айжамалдын унун айт чиркин Гулшаый эже Кенженин баркына жетбеди.
21.02.2012. 23:06
 Nursultan2012
ОХХОО МЕН СУГОН ЫР МЫНДА ЭКЕН

26.02.2012. 07:10
 myrza72
Суперчилер,мүмкүн болсо минусовкасын да кошуп койсоңор.
29.02.2012. 16:38
 Nurtilek82
саламатсынарбы супер инфо жана достор ушул ырдын видеосу керек болуп жатат сураныч кайсыл жерден тапсам болот
27.05.2012. 14:55
 Papinadochka
ыр супер потриотук сезимди бурип турат
04.10.2012. 16:29
 bai.kymbat
мага жагат
28.12.2013. 11:08
 slastenka
Менин суйуп уккае ырып еле
06.02.2014. 19:56
 baish_kps
ушул ырдын текстин киргизип койунуздарчы сураныч
13.02.2016. 21:31
 Bais
админ байке ушул ырдын минусу барбы? коптон коп сураныч
18.02.2019. 14:49
 Tamara.99
Соонун Ордолуу Оштун Кыргыз кыздары алгаа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо