Байыш Момунов "Жүрөгүмдө орун бирөө"
04:21
6 Мб
Жүктөлгөн: 24-08-2011
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 4.59/5
(27 добуш)
Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө,
Таалайга жазган болсоң шорум бирөө.
Кадалып карегимден кетпей койдуң,
Кантейин, жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.

Ак жибек сизге жайган торум бирөө,
Айтылбай арман кетсе шорум бирөө.
Арзыткан ойлорумду сизге арнайын,
Анткени жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.

Ак тилек сизге сунган колум бирөө,
Айтылган арман кетсе шорум бирөө.
Сүттөй ак ойлорумду сизге арнайын,
Сүйүүгө жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.

Өмүрдү өргө тартсам жолум бирөө,
Өчүрсө күйгөн отту шорум бирөө.
Берилип башка адамды сүйө албадым,
Бейкүнөө жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.

Берилип башка жанды сүйө албадым,
Кантейин, жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.

Комментарийлер (18)

25.08.2011. 15:37
 Burda
жүрөктү сыздатат
27.08.2011. 01:06
 tarzan
Азаматсын Байыш Момунов озу журокто бир эле орун болот да...
30.08.2011. 17:19
 Karysh
иииий оорун бироооо
07.09.2011. 10:19
 aziza
ииий ушуну дагы бир кыз ырдачу еле го ким еле?
14.09.2011. 10:32
 Laden
Байыш Момунов Озү эле рыдайт и ырдап чыкканжана ырдап келет.мага абдан жагат ушул ыр.
24.11.2011. 15:49
 nur_gul
ушул ырына жараша эмнеге озунун журогундо орун бироо болгон жок болду экен
26.12.2011. 20:45
 mili
арманы чон го
24.01.2012. 00:52
 
журогумдон орун бироо уккан сайын уккум келет супер ыр Байышка окшоп баардык эркектин журогундо бироо болсо сонун болмок
30.04.2012. 00:28
 suhrab.kg
жакшы:)
13.05.2012. 13:06
 osh.kg
жакшы жакшы
08.06.2012. 02:04
 Azor
Бул Таалай Турдубаевдин ырыго же обонун уурдаганбы?
28.09.2012. 14:27
 ayildik_kiz
Сонун ыр ээ,угуудан эч тажабайм!
21.05.2013 23:05
BakitAyka
ayildik_kiz, оа менда тажабайм сага окшоп.(кулумсуроп койдум)
22.04.2013. 00:39
 men70
Абдан сонун абаз менен ырдалган. Ийгилик!!!
21.05.2013. 23:03
 BakitAyka
Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө,
Таалайга жазган болсоң шорум бирөөооооооооооооооооооооооо
21.05.2013. 23:08
 BakitAyka
Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө,
Таалайга жазган болсоң шорум бирөө(деп башымды эки жака чайпаап угуп отурамда:)))/
25.06.2013. 22:27
 Aygerim_tls
абдан жагат
17.08.2013. 02:09
 abdymuhtar
эн сонун ырдаптыр кайра кайра уга турган кылып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо