Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Элмира Кайып кызы "Кыялдагы мырзага"
02:37
4,81 Мб
Жүктөлгөн: 26-08-2011
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(3 добуш)
Мен сени түшүмдө көрдүм эле,
Жалт карап жанымдан өттүң эле.
Жаркылдап жүрчү деп кабак түйбөй,
Чачымдан аярлап өптүң эле.

Кайырма:
Санаага сайылган жебем менин,
Саргайбас кызыл гүл берем дедиң.
Түндөрүң ай чыкпай өтүп жатса,
Ай кармап бир күнү келем дедиң.

Сен мени эч кимге кыйбас элең,
Көңүлгө көрөгөч, кылдат элең.
Сезимди сестейтип сел каптаса,
Сен мени калкалап турар элең.

Кайырма:
Көзүмдөн айланган жебем менин,
Көөнөрбөс кызыл гүл берем дедиң.
Күндөрүм күн чыкпай өтүп жатса,
Күн кармап бир күнү келем дедиң.

Комментарийлер (3)

11.09.2011. 01:17
 Shergazy
жакшы ыр
15.09.2011. 01:11
 оштук
Жаш ырчылардан чоочуркабай чыга берчи эже,оорусаныз опузаныз артык!
26.02.2018. 15:52
 tolgonayka95
Ушундай ундуу эжелерге сыйлыкты бербей эле кайдагы маани манызы жок ырчыларга берилгени эмнеси
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо