Сыймык Бейшекеев "Классташтар"
03:29
3,19 Мб
Жүктөлгөн: 31-08-2011
Жанр: Эстрада
Сөзү:Б. Чотурованыкы
Обону:С. Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(8 добуш)
Сааттарды саначу элек,
Сабактан биз тарачу элек.
Эртеңки күн кызыктырып,
Эңсөө менен карачу элек.

Ак тилектүү балдар элек,
Ар кесипти тандаар элек.
Чоң турмушка кадам таштап,
Чоң кишиче карар элек.

Алды жакка шашылганбыз,
Ак гүлдөрдөй ачылганбыз.
Тагдыр берген жолдор менен,
Жылдыз болуп чачылганбыз.

Ушунчалык мезгил батпы,
Жыйырма жыл кантип акты?
Келдик мына классташтар,
Жолугуубуз кандай жакшы.

Келечекте максат көздөп,
Кеткен күндү бүгүн эстеп.
Бирге келсек сүйүнгөнсүйт,
Биз окуган эски мектеп.
Өз мыйзамын бекем тутуп,
Өмүр ченем безет кызып.
Коштошолу көрүшкөнчө,
Колубузду бекем кысып.

Ушул күндү кайра келсек,
Унутпайбыз такыр, эстеп.
Аман болсун эже-агайлар,
Аман болсун биздин мектеп.

Аман болсун классташтар,
Аман болсун биздин мектеп.
Бар бол дайым биздин мектеп,
Биз окуган куттуу мектеп,
Бизди күткөн эски мектеп.

Комментарийлер (6)

02.09.2011. 13:01
 Aimel
Jagimdyy yr eken.
02.09.2011. 22:42
 asal
жакшы ыр болуптур
09.09.2011. 17:03
 EkaMika
Suymuk bayke urahmat!Sizge jeter urchu jok!
15.09.2011. 01:07
 оштук
эски обондордун топтому менен гана тузулгон эптемей жанылык.
20.12.2011. 14:31
 Sanjar_Osh
Журокту жыз эттирбейт... Классташтар жонундогу ар бир ыр адамды журогун тызылдатыш керек... эптемей ыр, Сыймык мырзанын ырларын санын эле кобойтпосо, сапат жагына маани берилген эмес...
05.02.2013 12:48
maryam
Sanjar_Osh,
siz kyrgyz4a tuwunosuzbu? Jakwinakai ele maaniluu bolup turat goo...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо