Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
04:21
3,99 Мб
Жүктөлгөн: 07-09-2011
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
Айткым бар көңүлүмө каткандарды,
Өзүңдөй жолдош кылып элесиңди.
Канчалык акылга баш ийсем дагы,
Сүйүүдө жыя албадым мен эсимди.
Кайырма:
Мен бүгүн күлгөндө да жашык күлөм,
Кубарып, суук урган жаз-көктөмдөй.
Жүрөмүн, бирок билбейм, кайда жүрөм,
Талыгып Жер шарын бүт көтөргөндөй.
Кар кетет, ак байлыктай жаз да келет,
Бактар да, үмүттөр да бүчүр байлап.
Окшошкон кош жалындай күйдүк эле,
Турса да бороон жүрүп, шамал айдап.
Кайырма:
Сагынычым турат дайым күч алып,
Түгөнбөгөн узун жолдой узарып.
Бирге жүрөт дайым менин жанымда,
Бир туугандай бир жакындык, кусалык.
Кайырма:
Комментарийлер (3)