АЯН тобу "Жаралуу жүрөк"
03:36
3,31 Мб
Жүктөлгөн: 09-09-2011
Сөзү:Н.Маматованыкы
Обону:Ж.Сопуевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.70/5
(10 добуш)
Сыгылып, арман кылып, кыялданам,
Сүйүүдөн жолум болбой кайгыланам.
Үмүттүн бир учкуну сенде беле,
Ырларымда өзүңдү медер тутам.

Черткилеп жүрөк кылын обон салып,
Сырымды ырларымда чагылдырам.
Көзүмдөгү нурлардын жылуулугун,
Туптунук махабатым тартуу кылам.

Кайырма:

Сага деген ак сүйүүмдү жаным, сезсеңчи,
Жан эркем түбөлүккө сен колуңду берчи,
Жараланган жүрөккө дем берсеңчи.
Сага деген ак тилекти жаным сезсеңчи,
Жан эркем түбөлүккө сен колуңду берчи,
Алоолонгон сезимге жеткирсеңчи.

А балким сыноосудур тагдырымдын,
Ичимден арман кылып жаш кылгырдым.
Жолума тузак коюп, кишен салып,
Торуна чалыныпмын махабаттын.

Сүйүүмдү түбөлүккө даңктай берем,
Өзүңө ырларымдан арнап келем,
Көргөн кезде алыстан карааныңды,
Карегимди ала албай карай берем.

Кайырма:

Комментарийлер (9)

10.09.2011. 04:04
 Muratbei
Bul emne uchun mynchalyk sonun yr boldu eken.
10.09.2011. 11:18
 12345
бул группа Баткенден чыкканго ээ?
12.09.2011 11:40
aku
12345, )))) Batkendikterdin stilinde jazylyptyrby?obonu,muzykasy tak okshosh eken eeee
12.09.2011. 17:00
 RIELTOR
жакшы эле ыр экен.
14.09.2011. 11:22
 boke
malades suupr jumali aka jana sanjar aka Aibolot kaida
15.09.2011. 23:00
 Mero
12345....aku...Баткенская болобу башка болобу...какая вам разница?кыргызго и кыргызча ырдап жатат го....
17.09.2011. 17:31
 LOVE_IS
мааниси жакшы ыр экен аябай. мага жакты
12.12.2011. 04:47
 boke
ei bul batken emess bul kurshab
21.11.2013. 16:57
 Ashurova-gulida
bul kurwaptyk 95 jylky kyz Kanykei Jumali baikeCanjar baike bular Kyzyl oktiabrdyn kulundary
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо