Асанкалый Керимбаев "Атама"
05:53
5,4 Мб
Жүктөлгөн: 12-09-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(20 добуш)
Бою шыңга ою нуска кар эле,
Жомок сөзгө жорголугу бар эле.
Ооруп жатып акыретке жол алдың,
Атың минип, кырды ашкан да жаңы эле.

Алыстагы уулумдан кат барбылап,
Амандыгым тилеп турчу ар убак.
Атакемден айрылганга үй эмес,
Айыл дагы калгансыды аңгырап.

Айыл десе атам мага элестеп,
Талдасачу бүгүн эртең барам деп.
Ата деген акылга бек садагам,
Атасы бар деген канча каниет.

Эми мына зор жетилди сезилди,
Эч убакта ата дебейм эч кимди.
Айылымдын аксакалын көргөндө,
Жүрөк толкуйт көргөн өңдүү өзүңдү.

Кайгы мага катуу тийип камчыдай,
Жан кейитип жашым акты тамчыдай.
Карай бердим атам калган сеңирди,
Атын минип азыр түшө калчудай.

Комментарийлер (15)

13.09.2011. 18:22
 misha
класс ика
13.09.2011. 19:38
 hangug
kyrgyz muzykasynyn ochpos mukamduu yrlary - tybolyktyy...
24.02.2012. 16:30
 misha
ушул ырдын созун жазып койгулачы сураныч
12.06.2012. 23:18
 placer
Кандай сонун ыр, чын журоктон жазылган ырлар канча жыл отпосун, дайыма хит боло бермекчи!
12.06.2012. 23:20
 placer
Ушул ырдын текстин салып коюнуздарды суранам
13.06.2012. 01:20
 elnnura
кандай сонун ыр.
16.06.2012. 16:20
 bey21
Ушуну кунуго бир маал угам.Атамды эстеп ыйлап алам.
02.11.2012. 12:57
 buduz-80
Супер-Инфо сураныч тексин жазып койгулачы.
20.12.2012. 12:53
 buduz-80
тексти таппай койдунарбы?

21.12.2012. 17:10
 buduz-80
рахмат,соз жок ырга
03.03.2014 22:59
almadai
Алдастачу бугун эртен барам деп.
Эми мына зор жетимдик сезилди.
Журок болк дейт коргон ондуу озунду.
16.06.2014. 05:20
 ARTUR83
салам супер инфо Асанкалый керимбайевдин энекем деген ырын жуктоп койгулачы рахмат алдын ала.
16.06.2014 10:29
admin_superstan
ARTUR83, Саламатсызбы! Сунушуңуз эсибизде болот.
Аракет кылабыз.
05.10.2014. 19:49
 kengebek
Саламатсызбы admin.ырдын аталышын,авторунда билбейм акардеон менен ырдалчу эски ыр эле."атам байкуш курсо-курсо жотолуп"деген саптары эсимде калыптыр.жардам берип таап береласыздарбы?
06.10.2014 11:43
admin_media
kengebek,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо