Гүлнур Сатылганова "Сагынганда"
03:46
3,47 Мб
Жүктөлгөн: 14-09-2011
Сөзү:К. Иманалиевдики
Обону:Р. Бейшеналиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(20 добуш)
Сансыз жылдыз жайнаганда кеч түндө,
Кеттиң, издейм сырым айтпай эч кимге.
Асман турат бир жылдызы кем болуп,
Сенсиз мага толук эмес эч дүйнө.

Кайырма:

Алыстабыз, өзүм жетпей, ой күлүк,
Жайкы жамгыр басылганда тыйылып.
Тышка чыгып, балким, терең дем алсам,
Сенин демиң калар мага угулуп.

Жамгыр төгүп турган кезде көнөктөп,
Жаттың экен азыр деги нени эстеп?
Чыйрыкканда ойлодуңбу сен мени,
Жылуу кийим алып, балким, келет деп?

Кайырма:

Бүркөлгөндө асман кокус тунарып,
Мени ойлоорсуң санаа басып, бууланып.
Күн ачылса кабагың да ачылып,
Күткөндүрсүң жолукчудай кубанып.

Кайырма:





Комментарийлер (15)

15.09.2011. 01:33
 Guliza
Gulnur ejenin unu keremet,iygilik sizge!jakshy yr eken.
15.09.2011. 12:37
 kizil
Noskovdun ya lyublyu tebya eto zdorovo degen irina okshosh eken obonu
birok bul ir kermet boluptur!!!
17.09.2011. 12:06
 tekila
Эн соонун!!! Мага аябай жакты!!! Биздин эстрадабыздын София Ротарусу)))))))))))))
Албан-албан ийгиликтерди каалайбыз сизге, Гульнур эже!
19.09.2011. 15:32
 Timon
jakwy yr eken
21.09.2011. 13:59
 asanovich
Эң мыкты жана жогорку деңгээлдеги аткару, тамшанып угатурган үн,күчтүү жана терең ойго салчу сөздөр,угумдуу музыка ийгилик сизде Гүлнур эже, ден соолук,узун өмүр.
P.S. Райхан эже сизге дагы рахмат :)
06.10.2011 09:57
Cholpon555
Чыйрыкканда ойлодунбу сен мени
Жылуу ИЛЕП (кийим эмес) алып балким келет деп
ондоп койсонуздар сураныч
04.01.2012. 20:37
 Attokurov
Ушул ыр мага абдан жагат.....
18.04.2012. 19:05
 NBAA
София Ротаруга тенебе Текила!!! Надо быть самым собой!!!. Я верю и желаю, расти мой Кыргызстан! Я, знаю, он круче будет васееееех стран!!! Так что, Гульнур эже, алгааааааа!!!
24.10.2012 09:37
zuzu86
NBAA, кыргызча эле жазчы айланайын, же болбосо катасы жок жаз!
24.06.2012. 01:23
 hanisa
действительно жакшы ыр екен,рахмат сизге Гульнур еже
24.10.2012. 11:24
 fanatka19
сонун ыр экен
13.10.2013. 12:28
 kaisarbek
Чынында жакшы ыр экен, маанилуу.
27.11.2013. 00:25
 angelo4ka_96
сонун ыр)
19.01.2014. 07:52
 marat.maratov
ушул эженин ырларын суйуп суйуп угам уну айабай жагат да булбулдай))))
25.01.2019. 02:35
 boss79
5+++++
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо