Гүлнур Сатылганова "Жалындат"
03:32
3,26 Мб
Жүктөлгөн: 14-09-2011
Жанр: Эстрада
Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Э. Мээркановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.53/5
(19 добуш)
Кыз-жигиттер кызыл чок,
Бириң шайыр, бириң шок.
Жалкоо болсоң жолуң жок,
Жок, жок, жок, жок...

Жүрөгү таза жаштардын тилегин берет,
Жакшы күн келет, ишеним керек.
Алдыга сүйрөп алдыга бириңди-бириң,
Алгыла терең билим, арман кылбай кийин.
Айтам жаштарга,
Тишиң барда таш чайна.
Жөнү жок сүйлөп жөн эле мактанба.

Кайырма:
Силер элдин келечеги, үмүт жагылат,
Демиңерге дем кошкону ырым жаңырат,
Четтен эмес, өз жериңден бакыт табылат.
Жылдызга улап жол,
Кыргызга кубат бол.

Чырпыктан чынар болгула, чындыктан тайбай,
Тилиңди чанбай, уятка калбай.
Чыры көп ушул заманда эң башкы максат,
Ыйманды калгын сактап, ырдайлы биз мактап.
Бийик бол, жаштар,
Ыдырап эл бөлүнбөй,
Ынтымак болсун, ырыскы төгүлбөй.

Кайырма:
Силер элдин келечеги, үмүт жагылат,
Демиңерге дем кошкону ырым жаңырат,
Четтен эмес, өз жериңден бакыт табылат.
Жылдызга улап жол,
Кыргызга кубат бол.

Кыз-жигиттер кызыл чок,
Бириң шайыр, бириң шок.
Жалкоо болсоң жолуң жок,
Жок, жок, жок, жок...

Комментарийлер (18)

14.09.2011. 17:08
 Temari
Ура! Рахмат чоооооң.... Таптым күткөн ырымды....ура... Ыр деген ушундай болуш керек....Канча күн күттүм бул ырдын жүктөлүшүн.... Дагы бир жолу рахмат .......
14.09.2011. 18:23
 admin_media
Ahmads, Дагы бир жолу жалаң баш тамгаларды колдонуп жаза турган болсоңуз сайттан четтетилесиз! Кеңешим: клавиатуранын сол жагындагы "Caps Lock" баскычын бир жолу басып алыңыз...)))
15.09.2011. 01:38
 Guliza
pozitivduu yr eken
15.09.2011. 10:49
 ASAS
Мазмунду ыр экен, Гулнур эже сизге ийгилик, дайыма ушундай талыкпаган эмгегинизден тайбан...
15.09.2011. 17:29
 Нукура кыргызка
сонун ыр экенго)))
16.09.2011. 00:41
 nacho
jakwy yr eken, kobyrok radiodon, televizordon berip tursa, balkim jawtar tywynywot kanday boluw kerek!
16.09.2011. 08:38
 Kameraden
Менин оюмча Гулнур Сатылганова эн жакшы ырчы айым
19.09.2011. 19:01
 Dilinaz
ураааааа жакшы болбодубу кочуруп алайын,
рахмат.
23.09.2011. 13:55
 jass17
созун жазып коюнуздарчыыы ушул ырдын мага аябай жакты
30.09.2011. 01:30
 maradona
Урматту Супердин жамааты дасторкон деген ырын жуктоп коёсуздарбы.
09.10.2011. 17:50
 Gulzatka
suuuper takyu pesnyu toka ona smojet tak spet'
11.11.2011. 01:59
 Benazir-ruslanova
Гульнур эженин уну-эххххх чиркин сонун го ай.........
14.11.2011. 17:19
 Gulzina1
Соонун ыр экен.
19.02.2012. 20:23
 ulluu.kg
создору жакшы экен ,музыкасы жакан жок
18.04.2012. 19:01
 NBAA
жакшы эле окшойт
15.12.2012. 15:29
 Rimanto
я тоже искала эту песню,только название не знала как))спасибо
16.03.2014. 08:54
 Mederina11
Соооонун ыр да,рахмат супер
23.03.2014. 21:57
 peri...97
Соооонун аябай соонун,Гулнур эжееее соз жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо