Ынак Осмоналиев "Жаш сезим"
03:26
3,15 Мб
Жүктөлгөн: 23-07-2009
Сөзү:Ынак Осмоналиевдики
Обону:Ынак Осмоналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(8 добуш)
Окуп бүткөн мектебимде,
Жаш секелекке суктанам.
Иним окуйт дегенсип,
Шылтоо кылып мен барам.
Топ кыздардын арасында,
Өзгөчөмсүң өзгөчөм.
Сыйкырдуу бир күчүң бардай,
Тартат мени өзүңө.

Кайырма
Кичинекей жаш сезим,
Жүрөгүмдү жаралайт.
Макул болсоң теңим болчу,
Сүйүү жашка карабайт.

Чанда, чанда барчу болдум,
Ал мектепке мен улам.
Уялгансып жылмаясың,
Атың ким деп сурасам.
Окуучулук күнүмдү эстеп,
Отурсам дейм жаныңда.
Сүйүү дептер сага арнап,
Барактарын толтурсам.

Кайырма
Кичинекей жаш сезим,
Жүрөгүмдү жаралайт.
Алып качып кетсем окшойт,
Качан мектеп аяктайт?

Комментарийлер (18)

23.07.2009. 20:10
 Aygul
Жакшы ыр чыгыптыр. Азаматсын, Ынак!!! Алга!!!
24.07.2009. 01:25
 aiklaus
Menin vkusumdagy yr.A bul yrdy menimche bashkalar yrdachu murun.Yrdagan kim ele takyr unutupturmun
24.07.2009. 09:55
 timoshek
http://www.azattyk.org/audio/program/92522.html
men azattykty ugup jatyp, kyrgyzstan tynchpy ekendep maanaiym tushup olturup azyr ozumo keldim sebebi Ynak brattyn unun ugup olturam,,...
RESPECT...
26.07.2009. 08:57
 Адыл
+5
27.07.2009. 10:37
 sapsary
Ынак азамат. Ынак ырды аз чыгарат, аз чыгарганда да саз чыгарат.
27.07.2009. 15:52
 narnianboy
Azamatsin Inak. Negizi ele irlarin jakshi. Unun andan sonun. Kayrilbay aldiga kete ber.
27.07.2009. 17:29
 ХАНЗАДА
ынактын уну жакшынакай озгочо. кыйналбай сонун ырдайт демек талант бар бул жигитте. ийгилик
28.07.2009. 08:29
 jamka
Негизи эле Ынак байкеде талант бар го....
29.07.2009. 17:48
 jetigen
оюнун баары эле ала качуу!!! ушундай кантип ыр болсун! ала качууну пропагандалаган ырларды чыгарбаш керек!
29.07.2009. 17:54
 jetigen
копчулук бул жерде азамат деп мактап жазышыптыр! а бирок ырдын маанисин тушундунорбу? эмнеси азамат?? качантан бери ала качкандар азамат болуп калышты эле??? силердин да эже-синдинер же кызынарды ала качуусун каалайсынарбы!?
ала качуу бул кылмыш!!! а кылмышты даназалагандарды эл алдына чыгарбаш керек! сайттын администрациясы эмнени карап журот!??
24.04.2014 03:44
suiutbekov1989
jetigen, эээ бул ырго озунчо акылдуу боло бербесен
03.12.2010. 11:37
 Azor
сонун ыр уну да жакшы таланттуу жигит
26.10.2011. 02:32
 Al4ik
:))
06.08.2012. 20:00
 sabirdinovich
Чонураак мектепти буткон кызды ала качса жакшы эмеспи, мектепте иниси менен окуган буто элек кызга жабышат ко, чиркин?!
15.12.2012. 22:00
 sake1984
крассава !!!!
24.06.2014. 16:06
 semei
ынактын тигуучу кыздарга арнаган ырын жуктосонуздор ракмат
24.06.2014 16:52
admin_superstan
semei, http://www.super.kg/media/audio/122157/
17.09.2016. 06:56
 Naim.kg
Ээх сонун ыр да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо