Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
ЖанЭл "Сагынуу"
03:58
9,11 Мб
Жүктөлгөн: 15-12-2010
Көчүрүү
  • Currently 3.63/5
(8 добуш)
Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да сени ойлоп жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.

Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу турактар.
Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.

Карай берип канча жолу камыктын,
Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың.
Асыл кечим, келчи менин жаныма,
Издей берип бүт денемди талыттың.
Кадимкидей кучак жайчы жалдырап,
Качан болсо мен сен үчүн жарыкмын.

Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай-башын.
Мурункудай күтүп турам азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асыл кечим, кайдасың?

Комментарийлер (10)

15.12.2010. 21:56
 shaltakpaltak
Jakshi ir, jakshi irdaptir.
22.12.2010. 01:28
 Romantic
sonun yr da jagat unu da yry da)
22.12.2010. 16:36
 ilgez
фу!!!!!!!!!
23.12.2010. 05:20
 оштук
Жагымдуу ун.Жакшы ырдаптыр.
25.12.2010. 20:20
 carcanat
bravo soz jok
05.01.2011. 04:45
 murat8810
сонун ыр экен жон конулду ачат экен!!!!
17.01.2011. 08:49
 Karagat
Классикалык ырларды негизи ырчылар ойлонуп ырдашса жакшы болот эле.
Эптеп-септеп ырдаптыр,уну жетпейт экен бул ырга.
13.01.2012. 02:58
 ARZY
жагымдуу ыр экен ийгилик сага!
09.05.2015. 10:45
 obon
Эң сонун
03.08.2017. 10:18
 Rasul94
эн мыкты аткаруу 5
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо