Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Токтобек Асаналиев "Боогачың сенин болоюн"
04:08
3,65 Мб
Жүктөлгөн: 25-10-2011
Жанр: Фольклор
Сөзү:А.Рыскуловдуку
Обону:К.Рыскуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(12 добуш)
Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.

Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың,

Алыска арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?

Кайырма:
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.

Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.

Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.

Комментарийлер (16)

25.10.2011. 14:19
 asal
укулукту ыр
26.10.2011. 18:51
 baymar
Эн сонун ыр соз жок
27.10.2011. 23:43
 puyol
keremet
05.11.2011. 22:48
 nursulu
Сонун ыр.....
16.11.2011. 11:02
 Aibusya
УШул ырды кайдан кана издеген жокмун! Чон рахмат!
10.02.2012. 13:45
 dekichan
Токтобек байкенин талантына таазим!!!
29.04.2012. 22:00
 esenin
атан гору ыр эмес бекен! жарайсын
10.10.2012. 18:24
 sashabek
бали бали
18.10.2012. 22:57
 kayir
Токтобек байке молодец, ушул байкедей ырдаш керек
Башка ырчылар ушул байкеден уйронсо жакшы болмок
29.06.2013. 00:08
 Booga4y
менин атым Боогачы! ыр соонун, Токтобек байкеге Чон Рахмат!!!
21.07.2013. 04:34
 fara2503
Абдан сонун ырдаптыр
19.08.2013. 01:22
 bailanbas
Онорунуздор очпосун дагы далай ырларды жарата бериниздер мен сиздер менен аябай сыймыктанам.
13.12.2014. 04:15
 saian.altai
Bozdotup koison at bashyn degen tuuraby ondop koisonor? At-Bashym bolso kerek
15.12.2014 12:47
Daiza
saian.altai, аттын башын айтып жатат да туурале) жагат мага ушул ыр
24.09.2018. 23:56
 Firdaus-Muslim
Жакшы ыр мага жагат.
01.10.2019. 13:39
 jigit93
Эн сонун уккан сайын уккун келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо