Саламат "Табышмак кыз"
04:14
3,9 Мб
Жүктөлгөн: 26-10-2011
Жанр: Рок-музыка
Көчүрүү
  • Currently 4.21/5
(14 добуш)
Агарып чыгыш таң атты,
Көркүнө кирип айлана
Агылып сүйүү жарыгы
Булуттар жылат алдыга
Тосом деп күндү шашкансыйт
Издетпей мени табарын
Муздак жел согуп тоо жактан
Шыбырап айтып жаткансыйт
Издетпей мени табарын

Кайырма:

Сырымды ачык айталбай
Тартынам жакын баралбай
Табышмактуу бир кызга
Болдум мен ашык жалындай
Жаңырган айдай элесиң
Жакындап дайым келесиң
Кармайм деп колум сунганда
Жок болуп кайра кетесин

Мезгилдер учат алмашып
Баратат отуп убакыт
Сүйүүмду ачык айталбай
Жүрөгүм сыздайт кыйналып
Алоолоп сезим жаркырайт
Күзгүгө түшкөн шооладай
Кыйналам таппай айламды
Женалбай баскан санаамды
Билбейсин менин алымды

Кайырма:

Сезимим менин таптаза
Кири жок тунук булактай
Жүрөктө жүрөт сакталып
Кылымдар сени унутпай
Дүйнөдө сүйүү бар үчүн
Жашоонун болот мааниси
Керемет жок андан ашкан
Ал адамдын чоң бактысы
Чыныгы суйуу бир келет
Ал назик жана морт болот
Аярлап сактап калбасан
Бат эле сынып жок болот

Кайырма:

Комментарийлер (16)

26.10.2011. 19:57
 Bais
увахахах
27.10.2011. 10:35
 tatarin
Супер инфонун Супер ыры экен!
27.10.2011. 10:36
 provokacia
Абдан жакты!
27.10.2011. 10:37
 Murat26
sozdoru da sonun tura
27.10.2011. 11:06
 roba
молодец
27.10.2011. 11:18
 kanai
5+
27.10.2011. 19:15
 ZAG
Мааниси жагынан аябай жакты! Саламат жаны ырларынды кутобуз! Азаматсын
28.10.2011. 10:37
 Jannet
Azamat! Mne ochen daje ponravilos'! A video toje klasss! super daje http://www.super.kg/media/video/51099/
28.10.2011. 23:23
 HAKER-KG
созуу жакшы бирок обону начар
29.10.2011. 14:05
 kanai
обону да жакшы!
20.01.2012. 14:18
 kg_bala_
ыр деп ушуну айт,super!!!!!!!
12.03.2012. 12:26
 kipchak
Мага жакты...супер ыр болуптур!
12.03.2012. 12:28
 ilgiz
Созу да уну да обону дагы сонун! Эркекче!))
05.04.2012. 01:34
 Knt
respectus!!!!
21.02.2014. 11:53
 zalinAA
Like!
!!!????Супер инфо Бул ырчы жонундо маалымат берсенер болот эле, такыр"ТабышмаК" болуп жоголуп кетти го)))
21.02.2014 12:14
admin_media
zalinAA,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тийиштүү бөлүмгө кабарлап койдук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо