Сыймык Бейшекеев "Саманчынын жолу"
03:39
3,36 Мб
Жүктөлгөн: 01-11-2011
Жанр: Эстрада
Сөзү:С.Бейшекеевдики
Обону:С.Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.15/5
(13 добуш)
Түн ортосу, жылдыздар толуп,
Жүрөгүмө махабат конуп.
Капысынан айтың мага бир сөз:
Калбасынчы сүйүүбүз соолуп.

Саманчынын жолун карап,
Саамай чачың салаалап тарап,
Болдучу эми кетели дейсиң,
Түн ортодон ооп барат.

Кетиргим жок өзүңдү эркем,
Жаратканым сени энчилеп берген.
Жомоктордон издесем өзүңдү,
Жолугарым акыры сезгем.

Чоң жетиген жылдызың издеп,
Таң чолпонум, ыр арнадым сиз деп.
Коомайланып өзүңдөн чоочуй,
Койдум мен да саамайың искеп.

Түн ичинде экөөбүзгө эми,
Керектир го махабат мээри.
Мээрим чачып турсак жүрөктөрдөн,
Өчпөйт го дейм сүйүүнүн деми.

Алтын казык жылдызын кара,
Айлуу түндө ыр арнадым сага.
Менин сүйүүм көрүнөбү десем,
Күлө карап жылмайдың мага.

Үркөр-үркөр жылдызың кара,
Үрүл таңда ыр арнадым сага.
Биздин жылдыз гана тапчы десем,
Күлө карап жылмайдың мага.
Саманчынын жолун кара,
Садагам ай, ыр арнадым сага.

Комментарийлер (7)

09.11.2011. 14:00
 bomba
Абдан жакшы ыр да. Мирана сураныч "Боломо" деген анан Бек братандын Алдаба деген ырын чыгарсан абдан жакшы болмок. 32 жолу суранам
09.11.2011. 14:09
 admin_media
bomba, кошулду http://www.super.kg/media/audio/53311/
13.11.2011. 04:02
 gurbet
MiranA menin dagy bir surany4ym bar sizge,,, AI GULBAIRA degen yry bar go Syimyk baikenin owonu da kowup koisonuz go,,,, surany4 33 jolu suranam :)
08.01.2012. 08:12
 Gold_kg
бектин ак жоолукчан деген ыры эчкимде жокпу болсо откузуп койгулачы рахмат
07.09.2012. 12:51
 saparbek
ремикс имиш...
09.11.2012. 16:13
 toktokan
Ооба ремикс эле болуп турбайбы, анда неге угуп жатасын
27.10.2014. 06:44
 aiza.kyrgyzkyz
Тун ортосу жылдыздар тоолуп, Журогумо махабат коонуп, Капысынан айттын мага бир соз. Калбасынчы суйуубуз соолуп))) менин суйуум сизге болгон туболукко соолубашына ишенем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо