Рыспай Абдыкадыров "Эсиңдеби?"
03:06
2,85 Мб
Жүктөлгөн: 01-11-2011
Жанр: Ретро
Сөзү:Ж.Алымовдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(15 добуш)
Карап турсам элесиңди сүрөттөн,

Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.

Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу,

Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?



Жүрөгүмдү сүйүү турса чыдатпай,

Жүзүң жанат балбылдаган чырактай.

Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,

Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.

Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Мени сенден, сени менден талашып.
Көпкө жүрдүк, ойноп-күлдүк, жаркыдык,

Кеткичекти аппак болуп таң атып.



Бирок мезгил өткөн сайын нарылап,

Тетир карап, буруласың ар убак.

Азап тартып, арман күчөп жүрөгүм,

Үмүт менен жүрөгүмдү дарылап.

Комментарийлер (7)

08.11.2011. 18:55
 gwen
Ryspaidyn atkaruusundagy wedevr yrlarynyn biri!! Super!!!
09.12.2011. 13:11
 Eshka
Класс!
10.12.2011. 22:55
 bodrum
созго конул бурсак аябай кандай гана создор
21.10.2012. 18:46
 aygul_90
Эн жакшы
27.10.2012. 19:30
 chike87
менин тагам да.мындай адам бир жолу келет бул дүйнөгө.
19.07.2013. 10:19
 balshirin
кандай гана керемет создор
24.06.2014. 00:44
 kubasel
эх! азыр ушундай шедеврлер жаралбайт да. кандай гана сонун ырлар иий!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо