Ильяз Андаш "Кыргыз жерим"
03:27
4,74 Мб
Жүктөлгөн: 04-11-2011
Жанр: Эстрада
Сөзү: Жалил Садыковдуку
Обону:Насыр Давлесовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.83/5
(6 добуш)
Кыргыз жери, сүйөм сени,
Сүйөм сени жанымдай.
Түн жок сенин түнүңө окшош,
Таң жок сенин таңыңдай.
Ташты жарып, обон салып,
Туйлап акса булагың.
Жашыл арча, гүлдүн жыты,
Кимдин жазбайт кумарын.

Кайырма:

Асылым жерим, ардагым да,
Арналат сага ырларым да.
Асылым жерим, ардагым да,
Арналат сага ырларым да.

Элдин энчи, байлык кенчи,
Керме тоону, талааны.
Бак даракка саймаланган,
Сүйөм кыштак, калааңды.
Жерге жаткан көпкөк асман,
Дегим келет төрүңдү,
Көлүң дагы жашартууда,
Жашартууда өмүрдү .

Кайырма:

Жериң алтын, жайың салкын,
Кышың жылуу ар качан.
Сен турасың көңүлүмдө,
Качан, кайда барбасам.
Кыргыз жери, малдын кенчи,
Дандын кени бир өзүң .
Өмүр бою карегимден,
Өчпөйт сенин сүрөтүң.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

05.11.2011. 10:17
 LoLoPePe
ах кочуруп алсам окшойт биз кичинекей экенибизде школдо сабак башталарда ырдатат болчу да ;))
09.11.2011. 11:12
 nuria karakol
ииии ушул ырды канча издеп журдум. А клипти кайдан тапса болот?
04.03.2013. 00:25
 Leanor
Мекенге болгон суйууну козгоп жиберет экен...+5
23.12.2013. 20:02
 malika80
Ушул ыры учун Ильязды суйуп калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо