Сыймык Бейшекеев, Аваз Акимов "Бул күндөр"
04:48
4,4 Мб
Жүктөлгөн: 22-11-2011
Жанр: Фольклор
Сөзү:Бактыгүл Сейитбекованыкы
Обону:Сыймык Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(16 добуш)
Кейибей бул жашоодо башың көтөр,
Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер.
Кемийт дейт хандын тузу, кези келсе,
Кедейлик уят эмес, эгер билсең.
Байлыгың - колдун кири, жууса кетет,
Балага мээрим болсун, урмат менен.
Бапырап тынч жашасаң, ошол бакыт,
Баарынан бейпил болсун Ата Мекен.

Байлыкка кимдер гана умтулбаган,
Байлыгы аз адамдар тынч уктаган.
Байлыктын азабы көп, түбү түпсүз,
Байлыгың адамды жөн куткарбаган.
Басынып кереги жок байлык үчүн,
Балдарың болсун сени урматтаган.
Бардыгы өтөт, кетет изи калбай,
Баарынан бала кымбат көч улаган.

Күндүн да түнү болот капкараңгы,
Күүгүмдүн таңы болот, жарык жаңы.
Кундуздай кара чачың кечээ болсо,
Кубулуп эртең башка, бубак басты.

Жетишпес оокат бүгүн, эртең башка,
Жетилет уулуң дагы, кызың дагы.
Жемиши болот жаздын, күздү күтсөң,
Жер эне бейпил болсо, болот баары.

Армансыз бул жашоодо адам болбос,
Аягың бир төгүлсө, кайра толбос.
Аярлап күтсөң токтойт байлык дагы,
Адашып бир жоготсоң кайра конбос.

Адамды сынайт экен бакыт дагы,
Асырап ары, келген кир жолотпос.
Аялуу буюмуңдай аруу күтсөң,
А балаң түбөлүктүү болот жолдош.

Азамат эмгектенип уйку билбейт,
Арсыздар бекер жүрүп күн кечирет.
Ак эмгек жерде калбайт, элиң баалайт,
Адалдык атак берет, даңкты берет.
Адамды адам кылган - асыл эмгек,
Байлыкты, бакытты да ал алып келет.
Алтын баш аман болсо, акыры бир күн,
Алтындан аяк алып суу ичет.
Кейибей бул жашоодо башың көтөр,
Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер.

Комментарийлер (15)

23.11.2011. 16:56
 Нукура кыргызка
сонун ыр...
24.11.2011. 03:43
 danko
Эн маанилуу ыр экен. Сыймык, тарбиялык-патриоттук ырлардан коп-коп жарата бер!
24.11.2011. 12:40
 mara
tuuura aytat baylyk koldun kiri!!!!
24.11.2011. 17:04
 asil-08
ден соолук бул эн сонун байлык сыймык ишине ийгилик баландын ден соолугу болсо баа жеткис байлык
26.11.2011. 16:54
 men70
Адамдар эртенкиден умут узбош керек, колунда барына шукур дешсе жакшы болот, байлык бир келет, келсе да сынап келет.
28.11.2011. 23:33
 adi_1991kg
Жакшы тане маанилуу
20.12.2011. 22:14
 kaldaralieva
Abdan sopsonun eken ,oto jakty!Baaruna saburduluuk m/n jashoo kerek!
06.01.2012. 09:45
 LoLoPePe
Suranych Syimyk baikenin "Jalgyzymsyn" degen yryn juktop berinizderchi???
23.02.2012. 20:15
 Aibar
Абдан жкашы ыр экен мага жакты
19.05.2012. 18:15
 Askatdadakeev
Suranych Syimyk baikenin balasy menen yrdagan yryn juktop koigulachy saranabyz rahmat silerge.
24.06.2012. 13:35
 pitbul.t91
суупер ыр
27.08.2012. 18:00
 almazbekov91
мага жакты
08.12.2012. 23:26
 Eshmanbet
эн сооооонун
05.02.2013. 12:50
 maryam
super... en sonun yr...
27.10.2014. 06:22
 aiza.kyrgyzkyz
Азаматсыз, Авазды да озунуздун даражанызга жеткиришинизге шегим жок жаш кулунду жакшылап таптап элге чыгара бериниз чыгармачылык ийгилик балдар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо