Неля "Бакыт"
03:42
6,79 Мб
Жүктөлгөн: 28-11-2011
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.17/5
(6 добуш)
Бул жалганга жаралганда,
Булганыч жок бүт тазадай.
Тагдыр калчап тараганда,
Бир күлүп, бир жазалайт.
Душман, курдаш арасында,
Нечен кыял жүз талдадым.
Өксүп өчүн аларында,
Өз жолумду тандадым.

Кайырма:

Жашоонун жалыны жанып,
Жазбай жанамын.
Багынбай барк жетпес байлык,
Бактым табамын.
Сүйүүнүн сүрөтү сонун,
Өчпөйт каралдым.
Өмүрдө бактылуу болуу,
Үчүн жаралдым.

Жүрөгүмдөн жазар элем,
Бакыт улам бара качса.
Капа болбойм, ошол калем,
Бирде өчүп, бир жазса.
Сынагандай сыртым салып,
Сыр алдырбайм муңга батып.
Сынар кезде таяп калса,
Жетээр мага ошол бакыт.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

29.11.2011. 00:23
 Tipuska
Неля рахмат. Сонун ыр болуптур. Чыгармачылык ийгилик. Сени сыйлайм,урматтайм.
01.12.2011. 00:57
 Jazgul8988
Неля Саламатсызбы? Ыр эн жогорку дегелде жазылган жана аткарылган. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
02.12.2011. 22:17
 Melya
Nelya altynym yr super! Jyldyzyh ochposun!
04.12.2011. 12:19
 miss.MESHA
жакшы ыр экен
10.02.2012. 17:10
 aguni
Ыр аябай жакты!Неля эже Алга
17.02.2012. 14:59
 seiyl
неля жакшы ыр болуптур.
17.02.2012. 15:02
 seiyl
НЕЛЯ ырдын маазмуну жакты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо