Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сыймык Бейшекеев "Бала чак"
04:15
7,82 Мб
Жүктөлгөн: 30-11-2011
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(8 добуш)
Айылга барганымда туулуп-өскөн,
Көрдүм мен балалыкты шибер кечкен.
Көз нуру сүртүп өтүп көңүлүмдү,
Ыр келди куса менен жүрөк эзген.

Бала чак, бала чак,
Кандай сүйкүм карасак!
Айтса жакын жүрөккө,
Аты өзүнө жарашат.
Балалык, балалык,
Бакыт үчүн жаралып.
Эл тилеги өссүн деп,
Эртеңдерге баралык.


Көргөндө көздөрүмдөн жанып учкун,
Бактылуу балалыктын үнүн уктум.
Өңүндө менин өңүм турган сымал,
Өз эмес, ырын дагы сагыныпмын.

Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Гүлдөй сүйкүм гүлүм кыз.
Келсин бизге тезирээк.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Айдай сүйкүм айым кыз,
Келсин бизге тезирээк.


Кайрылбай сагынсак да, самасак да,
Канча ирет кыйбай кылчак карасак да.
Эркиме койбой өткөн мезгил учуп,
Эсиме түшөт күндөр бала чакта.

Бала чак, бала чак,
Кандай сүйкүм карасак!
Айтса жакын жүрөккө,
Аты өзүнө жарашат.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Күндөй сүйкүм Гүлүм кыз,
Келсин бизге тезирээк.


Адамзат жолун улап жаралыпмын,
Ааламга күлкүлөрү таралышсын.
Агарып аталардын батасынан,
Асманы бүркөлбөсүн балалыктын.

Бала чак, бала чак,
Кандай сүйкүм карасак!
Айтса жакын жүрөккө,
Аты өзүнө жарашат.
Ак терек, көк терек,
Сизден бизге ким керек?
Күндөй сүйкүм Гүлүм кыз,
Келсин бизге тезирээк.

Комментарийлер (24)

30.11.2011. 19:49
 salidat8087
Эх бала чак кандай сонун кез эле Супер ыр.
30.11.2011. 20:38
 medo
ыр абдан сонун сыймык агайдын талантына тан бериш керек
01.12.2011. 02:49
 Ulan5
jakshy yr eken ukkanda bala4agyn eske tüshöt da sagynyp ketesin oshol tattuu kündördü
03.12.2011. 22:30
 senchi
Сыймык байкенин ырлары менен откон балалыгым . бактылуу коз ирмемдерди эстеп кеттим , Сыймык байке элдин сыймыгы болуп журо бериниз!!!
04.12.2011. 16:08
 zinaniz
Классно.Алыста жашаганда айылындын баркын билет экенсин,ырдын арты менен айылыма,бала чагыма барып келгендей болдум.
05.12.2011. 02:01
 123456789
Ырдарын гo,ырдайт,мурду менен kенkейип алып,жаман семирдин гo,жарылып kетпе.нo,oтkoндo атайы koнцертине барып,афтoграф беринизчи десем,мен шашып атам,kыздар,балдар деп kетип kалса бoлoбу,эмkиде koнцертине да эмес,ыр,дегеле чыгармачылынды сыйлабайм,тарынбаныз
05.12.2011 02:27
tekila
123456789, балким адам чын эле ото шашып жаткандыр. бир эле афтограф бербей койсо чыгармачылыгын сыйлабай калдынызбы? кызык экен..
05.12.2011. 02:25
 meder_9003
жакшы ыр, дайым денсоолукта болуп ардап журо берин.
05.12.2011. 05:13
 askargul
Бул деле бир жинди ырчы,эч иштебейт
08.12.2011. 10:05
 Bahtin
бир укса болот
09.01.2012. 00:27
 romayana
uwul yrlardy ukkanda 4onoiup kalganymy baikaim bal4agymy sagynyp otkon kundordu esteim.
26.03.2012. 23:35
 alumkulov82
ыр жакшы бирок характеринизди ондосонуз жакшы болотко кичине денкейбей
07.09.2012. 12:34
 saparbek
сөздөрү жакшы, бирок обону казактардын бир ырынан плагиатташып калган экен - Сыймык мойнуна алар бекен?
27.01.2013. 20:30
 Jenish_kg1
"Балалыкы кетеличи апаке" degen yryn ko4urup berinizder4i suranyyyy4
28.01.2013 09:37
admin_media
Jenish_kg1,
Сунушуңузга рахмат, таап жүктөп коюуга аракет кылабыз.
09.01.2014. 00:20
 Syrgak2695
Саламатсызбы администратор Сыймык байкенин Балалыгым деген ырын кай жерден тапсам болот???
09.01.2014 10:59
admin_superstan
Syrgak2695, Сыймык Бейшекеевдин "Балалыгым" деген ыры дал ушул "Бала чак" ыры болуш керек эле. Мындан башка дагы "Балалыгым" деген ыры барбы же жокпу тактап көргөнгө аракет кылабыз.
Комментарийлерди жашыруу
09.01.2014 20:18
Syrgak2695
admin_superstan,
Жоок, Балалыгым деген ырында комуз менен ырдачу...
10.01.2014 10:52
admin_superstan
Syrgak2695, Ок, тактап, жүктөп койгонго аракет кылабыз.
10.01.2014 22:13
Syrgak2695
admin_superstan, чоон рахмат
05.02.2014. 23:12
 Beko87
балалыка кетеличи апаке"деген "тушумо киришинди кундо тилеп,уктарда угузбастан дуба кылам"деген саптары бар(эгер адашпасам)ырды жуктоп койгулачы ото сураныч,
13.12.2017. 18:55
 Ravelina
Ушу ырды Аваз Акимовдун аткаруусунда жүктөп коюнуздарчы сураныч
14.12.2017 16:33
admin_media
Ravelina,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо