Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Мирбек Атабеков "Таң сыры"
04:13
3,88 Мб
Жүктөлгөн: 06-12-2011
Жанр: Поп
Сөзү:А.Исаевдики
Обону:С.Жумалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.52/5
(31 добуш)
Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылгам,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.

Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге барып күйүтүмдү,
Кимге айтып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?

Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?

Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.

Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.

Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.

Комментарийлер (29)

06.12.2011. 15:07
 beam
жакшы)
15.12.2011 18:09
arnaz
beam,
06.12.2011. 16:01
 nur_gul
С.Жумалиевдин бардык ырлары жагат жеткиликтуу ырдаган Мирбекке рахмат
06.12.2011. 16:01
 nur_gul
С.Жумалиевдин бардык ырлары жагат жеткиликтуу ырдаган Мирбекке рахмат
06.12.2011. 16:08
 Meergul
М.Атабеков менен Супер-Инфонун ортосунда бир неме болгон го деп журдум эле себеби Мирбектин медиа пордалда ырларын алынып салынган эле... Же корсо мен жанылышкан окшойм)))) Атабековго ийгилик!!!
06.12.2011 18:26
aulukbek
Meergul, +
08.12.2011 12:01
Nura
Meergul, туптуура, мен да ошентип ойлогон элем...
06.12.2011. 18:30
 AGENT-BARS
Азаматсын Мирбек!!!)))
07.12.2011. 00:19
 JANAR
а эмнеге быйыл Атабеков супердин концертине катышпайт
07.12.2011 14:22
Шаиста Шатманова
JANAR, Катышат, созсуз:)
07.12.2011 14:22
Шаиста Шатманова
JANAR, Катышат, созсуз:)
08.12.2011. 10:24
 Laden
Супер Инфо Мирбек Атабековду сайтына кошпой койчу болсо пикет кылып эле Супер Инфону басып алабыз эмне дейсиңер!?
08.12.2011. 11:42
 malikadina
Баш ыр калбадыбы ырдаган га? Кутман жолдошевдого жете албайт.
08.12.2011. 12:03
 miss.MESHA
Мирбек абдан сонун ырдайт
09.12.2011. 16:58
 Мэри
Казактардын МузАРТ деген группасы да ырдаган бул ырды, ошолордуку аябай жагат. Мирбек деле жакшы ырдаган.
09.12.2011. 20:16
 carcanat
kystalaaaaak jyrgap uktumda kaira kaira....... sonun
10.12.2011. 11:35
 irina
Азамат! Жакшы ырдаптыр... Точно смог передать состояние души влюбленного и потерявшего свою любовь человека
11.12.2011. 17:51
 Zake
сонун!!!
13.12.2011. 17:07
 dina_88_2011
Мирбек сиз суперсиз)))
07.01.2012. 13:43
 asal
супер
08.02.2012. 13:09
 Nura
МИРБЕК АТАБЕКОВдун "мама" деген ырын суранам?! медиа-парталга кутом силерден....
05.03.2012. 00:58
 kyrgyzajym
Keremet yr,keremet obon,keremet yr4y!
+5:)
02.04.2012. 01:51
 kundus
бул ыр,бизге окшогон алыста жургон кыргыздарга жазылган ыр экен.....
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.

06.08.2012. 14:34
 aseboss
Бул ырды абдан сонун ырдаган.Мирбек кайсыл ырды ырдабасын хит кылат.Сен менен биз сыймыктанабыз
07.09.2012. 15:28
 saparbek
бул ырды "биздики" деп казактар да ырдап жүрүшөт - чынында алгачкы автору ким болду экен?
07.09.2012. 16:20
 Мэри
Казактардыкы эмес, биздики. Обону Сардарбек Жумалиевге таандык. Бул ырдын сонун тарыхы бар.
25.08.2014 20:13
Ernest19882607
Мэри, Кандай тарыхы бар ,эжеке менин личкама жазып жонотуп коё аласызбы сураныч!?
13.05.2013. 16:10
 Мэри
Мирбек ушул ырында "күмөн" деген сөздү "күнөм" деп айтып алган, калганы жакшы...
13.05.2017. 13:30
 mirbek2211
Бул деген жөн жеринен Атабеков эмесда. Азамат үнүнө баракелде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо