Гүлнур Асанова "Ойло сен"
02:46
2,55 Мб
Жүктөлгөн: 09-12-2011
Жанр: Фольклор
Сөзү:Ж.Шералиевдики
Обону:Ж.Шералиевдики
Көчүрүү
  • Currently 2.50/5
(6 добуш)
Ак туйгун гана менмин ээ-эй таптагы,
Ак кептер гана сенсиң чаптагы.
Азап бир болду туйгунга,
Ак перисин тапмагы.
Экөөбүздү өксүткөн да,
Ортодо бийик аскабы?
Өзүңө өксүп жете албай,
Өтөбү курбум жаш чагы.
Аа-ай, ойло сен,
Ии-и, күйдүм мен.
Деги өтөбү да курбум жаш чагы.

Периге гана сени теңедим.
Бейбаштык кылды дебегин.
Баркыңа балким жете алсам,
Билерсиң кийин себебин.
Басып өтсөк арман жок,
Бак-таалай жолдун тереңин.
Тагдырым сага тапшырам,
Перизат алчы белегим.
Аа-ай, ойло сен,
Ии-и, күйдүм мен.
Деги перизат алчы белегим.

Комментарийлер (3)

11.12.2011. 18:22
 julduzbek
жакшы ыр экен
16.12.2011. 01:09
 alia
жакшы ырдаптыр
23.01.2013. 16:03
 saltane
Гулнур ырдагы кээ бир созгон жерлерин Мыскал апабыздын ырдаганына окшоп кетет экен! Азаматсын!!! оркундой бер! талантына таазим!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо