Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Токтобек Асаналиев "Жашагым келет"
05:38
4,97 Мб
Жүктөлгөн: 10-12-2011
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(5 добуш)
Жашоо, жашоо, сенде тилек-үмүтүм,
Күр-шар эткен океандай дүбүртүң.
Толкунуңда ала-салаа, жиреймин,
Алсамбы деп мезгил, өмүр үлүшүн.
Ойлонуп кээде жатамын, жатамын,
Кең дүйнө таарыйт, капамын.
Бирок да сүйүп өмүрдү, өмүрдү, өмүрдү
Жашагым келет, жашагым.

Адам деген күйүп-бышып сыналат,
Аздан көпкө өмүр сүрө куралат.
Жарык дүйнө канча катаал болсо да,
Жашоо нугу, жашоо бүтпөй уланат.
Өмүрдүн суусун татамын, татамын,
Өткөрүп жыргал, азабын.
Өмүрдүн терип гүлдөрүн, гүлдөрүн, гүлдөрүн,
Жашагым келет, жашагым.

Өмүр жылат жолу кыска, жолу узун,
Адам жашайт кар-муз каптап конушун.
Жер титиреп, зоо куланат, сел жүрөт,
Бирок жашоо, неге мынча сонунсуң?
Ак тилек арбын жазармын,
Ажалдан кайда качамын?
Бирок да сүйүп өмүрдү, өмүрдү, өмүрдү
Жашагым келет, жашагым.

Комментарийлер (5)

25.01.2012. 13:09
 Kanat90
Токтобектин уну сонун каалаган ырды жеткире ырдап койот!!!Уйронгуло жаштар ырдашты уулулардан!!!
16.10.2012. 13:34
 nazikcan
Жакшы ырдаган эмес, созо берип ырдын маанисин тушундурбой койгон.
07.11.2014 22:47
Bakytjanbekk
nazikcan, Сиз жаныласыз созуп ырдаганда ыр маанисин жоготпойт, тескерисинче корк кошот!!!
07.11.2014. 22:49
 Bakytjanbekk
Токо азаматсыз, ишинизге ийгилик
15.12.2019. 10:17
 BelayaRoza
Минусовкасын таппай жатам да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо