Сыймык Бейшекеев "Эки жүрөк"
05:25
4,98 Мб
Жүктөлгөн: 16-12-2011

Бул ыр Турдукан Сарбанова менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.06/5
(18 добуш)
Көзүмдү албай коломтонун отунан,
Көөдөнүм өрт, шуу үшкүрүп олтурам.
Тагдыр турат коломтого байлануу
Таштап кетсем не болот деп чочуган.
Арзуу бизге азап болду кайдагы?
Асылкечим, бир сөз айтчы жайдары.

Агай, мени өзүң элең азгырган,
Астыртадан көздү кысып, жазгырган.
Калбай ээрчип, күндө белек калтырып,
Карындаш деп эркелетип, наз кылган.
Ал ансайын жүргөн элем тартынып,
Моюнума колуң турса артылып.

Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз,
Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз.
Арзуу деген азап экен туйланган,
Жакын туруп алыс минтип арабыз.
Көңүлүбүз,
Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга,
Бей убакта,
Бей убакта биз келебиз гүлзарга.

Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз,
Жаным, неге биз сүйүүдөн коркобуз?
Эч жөнү жок, өзүбүздө күнөөлөр,
Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз.
Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр,
Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр.

Жашырынган сүйүү - ушул сүйүүбү?
Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү.
Алысташып жашайлычы, агайым,
Азап толду сени кыя албай, үйүңдү.
Мен тагдырдан өз теңимди табайын,
Сизди болсо, жан туйгум деп санайын.

Комментарийлер (22)

16.12.2011. 20:41
 angelKG
Эн сонун ыр.
18.12.2011. 03:41
 jarkunai
сонун ыр клибин коргондо козумо жаш айланат,башыман откон ушундай окуя
18.12.2011. 09:53
 lapyska
Чоон рахмат сиздерге! Ырды жуктоп бергенинерге! Мен суйуп уккан ыр! Абдан соонун ыр! Журоктон орун алган. Клиби да супер!
19.12.2011. 00:47
 toktonazarova
жакшы ыр экен Сыймык байкенин баардык ырлары супер Алга!!!
20.12.2011. 11:59
 iamfirst
Мага да аябай жагат! Супер ыр.
22.12.2011. 21:16
 Амир
Азамат суперчилер. Ушул ырды уккан сайын эски суйуум эске тушуп, журогум тызылдайт. Созу обонуна келишкен ыр болгон. Эхх...
06.01.2012. 18:21
 Kanat1985
Ayabai sonun yr
17.01.2012. 13:26
 yryskan
соз жеткис супер ыр
14.02.2012. 01:22
 miron
Уккулуктууу ыр кимге гана жакпайт дейсиз? Бирок аттин ушундай ырларыбыз анчейин коп эмес да.
14.02.2012. 19:07
 pr.aido.kg
Ыры да, клиби да эн сонун.Сыймык Бейшекеевге ийгилик.
07.03.2012. 20:43
 BARSSAIKAL
соз жок аябай уккулукту ыр
27.04.2012. 18:47
 asash04
сонун ыр экен азаматсың сыймык.бар бол
07.09.2012. 12:26
 saparbek
абдан лирикалык-романтикалуу ыр экен! мага жакты, аткаруусу да келишкен, бирок дуэттеш кыз Турдукан Сарбанованы тааныбайт экенмин
14.11.2013. 21:25
 Begai_kg
оло жагааааат да ушул ыр
18.02.2014. 08:42
 rnurzida
Урматтуу админ Сыймык Бейшекеевдин балалыкка кетеличи деген ырын жуктоп коюнуздарчы
27.10.2014. 06:20
 aiza.kyrgyzkyz
Айтаар арзуум кобоюп кетти агай))) Азгырбанызчы мени(((
19.04.2016. 23:59
 Genar.benicio
Урматтуу ушул ырдын клибин жуктоп коюнуздарсы?
20.04.2016 12:47
admin_media
Genar.benicio,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
04.04.2018. 20:44
 bayan_toktomushov
Укмуш экен жакшы ырдаптыр
10.04.2018. 19:36
 Omka.alay
Сонун
31.10.2020. 14:36
 Altunbek91kg
Супер
01.01.2021. 10:10
 nazira...
Биз неге Сүйүүдөн коркобуз дегени сонун экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо