Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Асылбек Өзүбеков, Роза Шакирова "Арман ай, арман"
04:57
4,55 Мб
Жүктөлгөн: 16-12-2011
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.62/5
(29 добуш)
Өзүмө-өзүм бөтөнмүн, эркем,
Өкүнүч жүгүн көтөрдүм, эркем.
Өзүңдү таппай, өзгөлөр жакпай,
Өрт жутуп жүрүп өтөрмүн, эркем.

Сабырсыз өтүп ай-жылы, эркем,
Санаага батам, кайгырып, эркем.
Каркыра менмин – түгөйүн таппай,
Канаты калган кайрылып, эркем.

Кеткен куш кайтып конбостур, агай,
Кемтигим кайра толбостур, агай.
Өзөгүн өрттөп жалынга, агай,
Өксүгөн менче болбостур, агай.

Жөлөгүм болуп таянган, агай,
Керегем болуп карманган, агай.
Кемтигим толот деп жүрсөм минтип,
Кейишке салдың, кейишке салдың,
Кеийшке салдың арман ай, агай.

Жалгыз тал турса белесте, эркем,
Жабыккан жанга керектей, эркем.
Күкүктүн үнүн эшитип калсаң,
Күйүтүң тарткан мени эсте, эркем.

Эки тал турса белесте, эркем,
Эриккен жанга керектей, эркем.
Жалгыздап учкан куш көрүп калсаң,
Жабыгып жүргөн мени эсте, эркем.

Ак кайың турса белесте, агай,
Арзыган жанга керектей, агай.
Адашып жүргөн түгөйдү көрсөң,
Азабың тарткан мени эсте, агай.

Кызгалдак турса белесте, агай,
Кызыккан жанга керектей, агай.
Кыялдар соолуп баратса, агай
Кыйнооңду тарткан, кыйнооңду тарткан,
Кыйнооңду тарткан мени эсте, агай.

Ачылган гүлдөй периштем, эркем,
Ажарың жүрөк ээриткен, эркем.
Тагдырлар бирге деп жүрүп анан,
Табышпай калдык неликтен, эркем?

Жаздагы гүлдөй периштем, эркем,
Жамалың жанды ээриткен, эркем.
Кол жетпей ошо ой жеткен ишке,
Кошулбай калдык неликтен, эркем?

Жашчылык жанган от беле, агай?
Жалыны күчтүү чок беле, агай?
Жанаша жүрүп кошулбай калдык,
Жазмышка арга жок беле, агай?

Арманым арбын айла жок, агай,
Адашкан жандар кайда жок, агай?
Качырдык колдон бактыны, агай,
Кайрууга эми, кайрууга эми,
Кайрууга эми айла жок, агай.

Жалгашпай калды жолубуз арман,
Кармашпай калды колубуз арман.
Ишке ашпай калды оюбуз арман,
Кайыр кош, аман болуңуз арман.

Комментарийлер (22)

16.12.2011. 16:28
 asil-08
жакшы дует болуптур
17.12.2011. 17:35
 33SUUN
супер дует.Асылбек байке сиздин ырларыныз супер!Бирок 12 жылдан бери жаны ыр жаратпай жатасызго?
17.12.2011. 18:20
 Kanat90
Эн жакшы ыр порталда мага ушул ыр абдан жагат
17.12.2011. 18:44
 MUSYA
Мына ыр деп ушуну айтса болот!!!
18.12.2011. 09:46
 lapyska
Чоон рахмат сиздерге! Ушул ырды абдан издедим эле рахмат! Соз жок супер ыр!
18.12.2011. 09:50
 lapyska
Кулактын ыры эмес,журоктун ыры!
18.12.2011. 13:18
 Аида
аябай жакты рахмат аткаруучуларга да жуктогондорго да,мына ушундай ырлар гана жан дуйнонду козгоп андан орун алат.
18.12.2011. 17:30
 Maxima
Сооонун ыр экен, азаматтар!!!
18.12.2011. 19:33
 Bekulya
Соонун го..... Эргитет го.
19.12.2011. 01:26
 zulya
ооооооо эн сонун дует
19.12.2011. 21:58
 suiunbek__95
kandai soonun yr!
20.01.2012. 03:46
 nurkaa
рахмат супер инфо чындыгында суперсинер
15.06.2012. 18:49
 moon.alty6a
Эн эле мыкты чыгарма, аткуруучулардын ундоруно береке. Ушундай ырлар кобойо берсин
19.06.2012. 20:01
 Larisa-92
Менин жашоомо окшош да, ушул ырды укканда ар дайым ыйлай берем.
14.12.2012. 20:00
 beksezim
Ото сонун мага Асылбек Озбековдун ырлары жагат.
11.05.2013. 23:04
 saktanov.nurdoolot
Бали бали!!!! Ырдын мааниси абдан сонун экен. Эсенгул Ибраевтин ыры болуш керек. Авторго таазим!!!
16.03.2014. 09:08
 Mederina11
Соонун супер ыр,азаматсыздар,рахмат)))
30.05.2014. 18:03
 alishka-1707
Менин Асылбек байкем да! Ырларыныз Сонун!!!
27.02.2016. 21:26
 nurbanur
Суйом да суйом!
01.03.2017. 20:42
 ariet.kaary90
Роза Шакированын мен суйгон менен пайда жок деген ырынын ссылкасын жиберип койгулачы алдын ала рахмат
02.03.2017 10:05
damir007
ariet.kaary90,
Роза Шакирова "Кызганыч" http://www.super.kg/media/audio/156298/damir007 түзөттү 2017-03-02 10:05:21
23.11.2017. 03:10
 Pandora
Роза эже сонун ырдапсыз Замир Арыкбаев айткандай кыйкырбай,назик болуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо