Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
04:20
4 Мб
Жүктөлгөн: 20-12-2011
Жанр: Поп
Көчүрүү
Апакебай, актаар бекем үмүтүң?
Алыс кетсем, сагынасың күнү-түн.
Уктабайсың, сапар тартсам мени ойлоп,
Убайым жеп, убайым жеп кайтканчакты мен үчүн.
Кайырма:
Апакебай, эмгегиңди билемин,
Бул жашоодо таянар тоом тирегим.
Белек кылып берээр элем бар болсо,
Мүрөк суусун, жаштын күчүн, илебин.
Өмүр тилеп, ооруп калсам санаа жеп,
Бар жакшылык, бул дүйнөдө сага бек.
Балам - деген, бар жашоосун бизге арнап,
Эне күчү, эне күчү эмне деген керемет?
Кайырма:
Апакебай, жап-жаш болуп дайыма,
Оорубастан, узак жаша дагы да.
Урмат көрүп, сый үстүндө жүрүңүз,
Жаштык каалайм, жаштык каалайм ар өмүр жазында.
Кайырма:
Комментарийлер (2)