Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Рыспай Абдыкадыров "Периштем"
05:15
4,83 Мб
Жүктөлгөн: 17-01-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:Б.Алыбаевдики
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.12/5
(17 добуш)
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.

Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.

Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.

Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи, периштем.

Комментарийлер (13)

18.01.2012. 02:28
 LEYLA
...азыр,ушуну Кайыргул ырдап журот го...бирок жакшы ыр!
19.01.2012. 21:17
 emil
Великий КОМПАЗИТОР.Мындай адам кайталанбайт эч качан.
20.01.2012. 12:10
 isabekD.A.
Ibragim Junusov:"Azyrky jyldyzdar,jyldyz emei ele janyp ochkon lampochka!":))A bul bolso ochpos-maaniluu yr...:))
13.02.2012. 10:16
 Мэри
Классикага айланган улуу чыгарма.
15.02.2012. 12:12
 Jiza
Рыспай атабыздын ырлары эч качан олтурбойт!
29.03.2012. 09:46
 makelen007
ir degen mina uwundai boluw kerek.
22.05.2012. 15:07
 Дикуся
мен суйгон керемет обон
22.05.2012. 18:33
 akiykat
суйуктуу обонум, создору да мыкты. Рыспай агай кыргыздар дуйнодо жашап турганда, сиздин обондор очпойт тарыхтан!
30.05.2012. 15:24
 Aibengo
Бах!!! чиркин...
28.06.2014. 04:57
 Samandar
Ырдын пири Рысбай жыл эткен чагылган эленго чиркин сизге жолукбай кана калдым арманда,аккордеон ыйлатго чиркин,журок сыздайт оо дуйнодо жолугам эгер жашоо болсо
19.08.2015. 16:39
 dastan_nookat
Ырларыныз биздин ар дайым журокто!
26.10.2016. 03:44
 BekAmir
Эх кайран Рыспай агай. Сизди козунуз тируусундо Кыргыз эли парктай албай калды. Сиз очпос ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗсыз
01.01.2019. 02:36
 BekAmir
Кайран жылдыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо