Алина Жетигенова "Жаз"
03:22
3,1 Мб
Жүктөлгөн: 03-02-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:Кубаныч Нуркамиль уулу
Обону:Кубаныч Нуркамиль уулу
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(11 добуш)
Жыл мезгилдерден жазды сүйөмүн,
Жазындасын сүйүү келет.
Сүйүүмдү дале күтүп жүрөмүн,
Махабатым качан келет?

Күтөм жазды, күтөм чыдабастан,
А менин сүйүүм жүрөт кечигип.
Жүрөк жарылганын карабастан,
Карабастан...

Кайырма:
Жаз, суранамын, эч кетпечи,
Кайда барсаң, ээрчип барам,
Сүйүү булагы – жаз.
Таарынтпачы, ансыз деле,
Күзүндөсүн жалгыз калам,
Сүйүү булагы – жаз.

Канча жолу күтөм сүйүү жазын,
Эмнегедир эч келбеди.
Канча адамга жаз сүйүү берип,
Эмне мага эч бербеди.

Күтөм жазды, күтөм чыдабастан,
А менин сүйүүм жүрөт кечигип.
Жүрөк жарылганын карабастан,
Карабастан...

Кайырма:

Комментарийлер (12)

13.02.2012. 13:20
 Asus84
ой кокуй бул не ыр
23.02.2012. 02:19
 KURS
жийде гулдогондо келет ва сен куткун
23.02.2012. 02:40
 ilgiz
ушул ырды современдештирип ырдашса жакшы болот болуш керек)
11.08.2015 16:53
Мэри
Бул ырды Алина эже кайра ырдап жаздырган экен, аны Мирлан Жетигеновдун 20 жылдык чыгармачылык кечесинде ырдаптыр. Сонун, мага жакты. "Кинозал" бөлүмүнөн көрө аласыздар...Мэри түзөттү 2015-08-11 16:59:18
27.04.2012. 12:27
 AshatMJ89
Ошол учурдагы жакшы чыгармалардын бири. Кандайдыр бир жагымдуу ыргак бар. Озгочо соксофон уккулуктуу ойнолгон.
27.11.2012 16:02
bosmos7
AshatMJ89, Туура айтасын !!! Маалында бул ырдын да жакшы сезимдери болгон !
04.07.2012. 00:44
 Gulu85
алина эже эн сонун унунуз бар.....
10.02.2014. 21:42
 hakker
Алина эже орто муундун алдынкы ырчыларынын бири.Келбети 18 жашар кыздыкындай.Бирок ырлары аз.
02.04.2014. 00:58
 jeniw
Жаштык кезди эске салат го чиркин
26.04.2014. 18:16
 Erhan
Алина эжебиз менен Асельдин ырдаганын салыштырып кордум.Алина уккулуктуу ырдап жатат.
28.10.2014. 16:38
 kanyshaikg
Откондо Таластын 70 жылдыгында ырдаганын жуктоп коёсунарбы. Ошонусу позивдууроок болчу
28.10.2014 17:08
admin_media
kanyshaikg,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо