Ынак Осмоналиев "Гүлдөр"
03:03
7 Мб
Жүктөлгөн: 13-05-2008
Сөзү:Т.Осмоналиевдики
Обону:Т.Осмоналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.57/5
(21 добуш)
Гүлдөр уктайт шүүдүрүмдү жамынып,
Түндөр уктайт чолпон жылдыз тагынып.
Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып,
Мен уктабайм түндө сени сагынып.

Мен таарынам, бирок мага таарынба,
Мен сагынам, жаным, мени сагынба.
Сезимдердин сересине чыгарда,
Сен кабылба мен кабылган тагдырга.

Окубачы ыйлап жазган катымды,
Сен көрбөчү көздөн аккан жашымды.
Мен сүйүүнүн кай жеринен жаңылдым?
Карагаттай көздөрүңдү сагындым.

Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып,
Мен уктабайм түндө сени сагынып.

Комментарийлер (24)

03.07.2008. 09:11
 maksi
Ушул ырды олооооо жакшы кором да ! Эх !
29.08.2008. 17:18
 Сыйкырчы
болот
09.09.2008. 14:27
 altyn-dos
бир кездерде жумушта компютеримде ушул эле ыр ырдап калган.
09.09.2008. 18:31
 jerkin
сыйлайм сон-н-ннун ыр да
08.10.2008. 14:51
 kanat
Бул ыр мага абдан жагат.Кайсы адам укса да баарына жагат болуш керек.
05.12.2008. 15:59
 nicegul
Жакшы ыр!!! Жагымдуу, назик, уккулуктуу...:)
23.12.2008. 15:24
 bakulj
Мен да жакшы кором
14.01.2009. 22:19
 ХАНЗАДА
керемет ыр, ынак азаматсын эй. сен бирде гулдорго суктансан бирде аппак карга суктанып ээ...
08.04.2009. 16:18
 bomba
жакшы ыр, рахмат, дагы ушундайлары болгондо...
28.06.2009. 18:07
 edil
Эх ушул ырды аябай жакшы коромда. Озум ырдаганда таза эле эземда. Ынак байке алга Арал алга деп койоюнчу.
28.06.2009. 18:09
 edil
Ананда Ынактын Акардион менен ырдаганын уксанар кыздар ээрип каласынар
11.08.2009. 21:24
 timoshek
syilaim....
17.08.2009. 13:52
 Атасынын баласы
Конулго жакын, ээргитерлик ыр...
10.06.2010. 09:35
 arzalochka
Супер песня. Ынак, продолжайте в том же духе. Вы поднимаете настроение своими песнями.
09.08.2010. 12:30
 Oskara
Эхх! соонун да соонун! ийгилйк сага Ынак!
09.08.2010. 13:08
 Oskara
А эмнеге кочурулбой жатат, кимде болсо берип койгулачы кичи пейилдике.
22.01.2011. 17:27
 zama0202
укмуш ыр,мага аябай жагат,менин суйгонум ушул ырларды смс кылып жазчу биринчи таанышканда
16.04.2011. 17:25
 Neznaika
Мыкты ыр аябай жакты!
12.08.2011. 00:13
 ladyzuzu
Бул ырды жазган адам Бактыбек Осмоналиев а что за Т. Осмоналиев хер поймеш. Ынак имей совесть пока не поздно перепиши на его имя. Я знаю что ты будешь читать коментарию я надеюсь мы поняли друг друга
20.10.2011. 12:00
 beka8585
сонун ыр мен азыр деле жумушта кечке ушул ырды угам дэгеле жадабайм ийгилик сага
08.11.2011. 20:37
 yinasel
men da ayabai jakshy korom.
02.02.2014. 16:48
 DASTAN92
Абдан соонун ыр деп айтууга тоолук негиз бар!
30.07.2018. 21:48
 Komrad
2018- жылы угуп алабыз. Кайда кеттин байке
26.10.2018 06:35
eldiyarmacho
Komrad, динге мээнет кылып жүрөт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо