Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Асылбек Өзүбеков "Кечиккен кездешүү"
05:22
4,92 Мб
Жүктөлгөн: 10-02-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(16 добуш)
Өрттөй дүрт деп сезимимдин мейкини
Болот тура ушундай да, кечиргин,
Өмүрлөрдү өкүнүчкө батырган,
Бул биз үчүн эң акыркы кездешүү.
Эзилем күйүткө, ээрчитип үмүткө,
Ардагымды бир келген акым бар сүйүшкө,
Акым бар сүйүшкө, сүйүшкө.

Кой десең да акылуумун сүйүшкө,
Койнум толо кубаныч алып жүрүшкө,
Жан дүйнөмө жаралганды бир ирет
Түбөлүккө байрак кылам үмүткө.
Кол жетпес арманым, көктөгү кыялым,
Сагындырган сары убайым, түгөнбөс ырларым,
Түгөнбөс ырларым, ырларым.

Сенин көлүң бөтөн колдон ачылар,
Сенин нуруң бөтөн жерге чачыраар,
А жүрөгүм өз өмүрүм бүткөндөй,
Акыркы ирет сен деп кагып, басылар.
Өзгөрөр чүрөгүм, өзгөрөр гүл өңүң,
Өзгөрүлбөс бир гана өзүңдүк жүрөгүм,
Өзүңдүк жүрөгүм, жүрөгүм.

Кол жетпес арманым, көктөгү кыялым,
Сагындырган сары убайым, түгөнбөс ырларым,
Түгөнбөс ырларым, ырларым.

Комментарийлер (13)

13.02.2012. 04:40
 tukueva.aigerim
текст СУПЕР ИНФО!

17.02.2012. 03:15
 ulukbek
ото жакшы уну
26.03.2012. 23:20
 alumkulov82
асылбек ага онорунуз очпосун
31.03.2012. 03:06
 jhanibek
жакшы ыр мааниси обону да
02.04.2012. 00:54
 anteya
Асылбек байке коп жашаныз, сахнадан кетпениз.талантынызга таазим
28.06.2012. 19:24
 janetta
Сиздин ырларынызды уксам тээ алыста калган бейкапар бала чагым эсиме тушот. ТАЛАНТЫНЫЗГА ТААЗИМ БАЙКЕ.
05.07.2012. 20:20
 guljan_88
Асылбек байке, сиздин таланттынызга таазим, ырахмат ырларынызга!!!!!
09.12.2012. 19:19
 Fernando
oioi oioi kandai jakshy yr
10.12.2012. 17:03
 dicha80
Кайгы мундун-рыцары.Асылбек байке дагы жаны ырларыныздан жаратсаныз жакшы болот эле..
30.12.2012. 13:00
 jyldyz84
ийгилик жагы
05.03.2013. 09:58
 zuzu86
Журогум ай журогум Асылбек агай.....!!!!!
10.11.2013. 03:59
 pumba.timon
Урматтуу Супер инфо!мен сиздерге терен ыраазымын.Асылбек аганын ырларын бут кочуруп алдым.рахмат!бир гана КЕЧИККЕН КЕЗДЕШУУ нун кара соз менен жазылган ыры абдан керек болуп атат,сураныч,ушу болумго эле жуктоп коюнуздарчы?
11.11.2013 10:05
admin_media
pumba.timon,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо