Алтынай Нарбаева "Коштошуу вальсы"
03:22
3,09 Мб
Жүктөлгөн: 23-02-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Х. Азиреткуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.88/5
(8 добуш)
Көңүлүм байланабы?
Көзгө жаш айланабы?
Колуңду коё бербей,
Кош дедим кайра дагы...

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Токтолуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Чакмактай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.
Капарга алганың жок,
Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,
Кайрыл деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Кайрылып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Күймөлүп басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайра-кайра,
Мен чыкпайм, жашып барам.

Кармалып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Жылдыздай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Кылчактап шашылбадым,
Кыйкырып чакырбадың.
Кыргыздай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Комментарийлер (6)

21.10.2012. 19:15
 aygul_90
Аябай жакшы ыр экен
14.12.2012. 14:41
 maks100589
Кылчактап кайрылбадым,
Кыйкырып чакырбадын. Кандай гана сонун саптар ээ.
27.03.2014. 20:47
 Sanjarbek.Suluev
журокту туйлаткан ыр экен
09.05.2015 21:45
jypar.i
Sanjarbek.Suluev,жаңылбасам бул ырдын автору Элмирбек Иманалиев да абдан сонун аткарат
18.09.2014. 23:28
 Bakyt-nuru
Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.;-(
01.05.2017. 20:39
 Umutazamat
Хабибилла агайдын ырларынын мазмуну өтө терең. "Сен өчпөдүң сезимден", " Айлуу түн", " Коштошуу вальсы" деген ырлары абдан жагат
1 А бул ырды көпчүлүгү Элмирбек Иманалиевдики деп ойлошот экен автор Хабибилла Азиреткулов агайды билип жүрүшсө дейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо