Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Динара Акулова "Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу"
03:51
7,06 Мб
Жүктөлгөн: 15-03-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Шайлообек Дүйшеевдики
Обону:Майрамбек Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 2.90/5
(10 добуш)
Карегимдин жашы кылып жамгырды,
Канча күттүм арасынан ай-жылдын.
Какшап жетпей калганымды билсең да,
Карааныңды бир көргөнгө зар кылдың.

Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.

Сагындырган сүйүүм көздөй бара албай,
Сайда бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа менен таң атырып келатам,
Сага окшош бир да инсан таба албай.

Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.

Адам жоктур бул жашоодо сүйбөгөн
Ашыктыктын азабына күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?

Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.

Комментарийлер (20)

15.03.2012. 23:34
 bekishova
Ооооо Динара Акулова!
16.03.2012. 00:59
 Gulzhan
Уну керемет да.Ишинизге ийгилик,жаны ырларды кутобуз.
16.03.2012. 11:53
 Neo
Эстрада ырчылардын "акуласы" Динара Акулова эжебиз кайрадан ырдап чыгыптыр го чиркин, эжебиз жоголуп кетти эле. Ыры абдан сонун, ийгилик каалайбыз.
16.03.2012. 16:19
 bosmos7
О О Жакшы!!!
16.03.2012. 17:00
 Мэри
Бул ырдын обону Майрамбек Осмоновго таандык болуш керек, жанылбасам. Жакшы.
16.03.2012. 22:13
 ova
Абдумалик Шерматовго арналгангоя?
18.03.2012. 14:46
 damka
Журогум эзилип кетти бечара Динара эженин дагы деле эсинен чыкпаптырда.....
19.03.2012. 09:57
 Asus84
Динара Аккулованын ар бир ыры озгочо бир жанырык!!!
19.03.2012. 12:43
 aman-88
буга караганда Ильяз Андаш ырдаган обон сонун болчу
19.03.2012. 12:43
 aman-88
буга караганда Ильяз Андаш ырдаган обон сонун болчу
16.04.2012. 13:20
 data-alima
Динара эже сиздин чыгармачылынызды баалаймын. Азыркы ырдаган ырчыларга сиздин бир ырынызды да салыштыра албаймын... Эн сонун ырдалган!!!
22.10.2013. 21:28
 ertabyldievna
Бул ырды чыныгы суйуунун даамын таткан адам гана тушунуп,сунгуп ырга кире алат деп ишенем.
30.10.2013. 19:37
 Ali7788
саламатсыздарбы. ушул ырды Майрамбек Осмоновда ырдаганы бар эле ошон кантип тапса болот?
31.10.2013. 20:40
 Ali7788
Саламатсызбы, ушул Динара эже ырдаган "сен озунду сезсен болду бактылуу" деген ырды Майрамбек Осмоновда ырдаган болчу, ошону таап бере аласыздарбы сураныч!!!!!!!!!!!
01.11.2013 12:21
admin_media
Ali7788,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз жүктөп коюуга.
20.02.2014. 15:06
 Altyn_94
саламатсыздарбы? ушул ырды Майрамбек Осмонов ырдаган вариантын кайдан тапсам болот? сураныч жуктоп койунуздарчы? алдын ала рахмат!
20.02.2014 16:17
admin_media
Altyn_94,
Саламатсызбы! Сунушуңуз кабыл алынды. Рахмат!
21.10.2014. 16:21
 Dolbooruwka
жакпады соонун ырды бузуп коюптур
22.12.2019. 00:47
 Firdaus-Muslim
Саламатсызбы? Админ Динара Акулованын "Махабат ырда барбы махабат сырда барбы" деген ырын таппай жүрөм бар болсо жүктөп коюуңузчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо