Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
КЫЗ - БУРАК тобу "Кыргызымдын жигиттери"
03:15
5,98 Мб
Жүктөлгөн: 15-03-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:К.Урмамбетовдуку
Обону:Т.Нурматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.36/5
(14 добуш)
Ала качып, ала качып,
Аргымактар арыш керет.
Азанатып, азанатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү - от, каны ысык.
Ала-Тоону бел кылып,
Ата Журтту дем кылып.
Абалтадан шок болот,
Алоолонгон от болот.
А болбосо жок болот,
Кыргызымдын жигиттери!

Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп,
Жердин үстүн тулпар келет.
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп,
Дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кымыңдашат кыргыздар,
Жымыңдашат жылдыздар.
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!

Учту мына, учту мына,
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурула, шукшурула,
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам,
Жакындады боз улан.
Ана жетти, жетти, жетти,
Бек кучактап кетти, кетти, кетти.
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!

Комментарийлер (17)

15.03.2012. 19:47
 aziz.
ох сонун ыр клиби жок бекен
16.03.2012. 00:55
 zigana
Ozu bul yrdy Klara gana jetkirip yrdagan,anan jakyndan beri Kenje ejenin gruppasy "Jebe"tobu yrdap chyshkan bolchu.Gulshaiyr eje dagy kyzdaryna yrdatyptyrda,bashka yr yrdashsa bolmok.
16.03.2012. 10:01
 fifo4ka
super
16.03.2012. 10:19
 abba_aipa
klass pesn9!!!
16.03.2012. 11:43
 Neo
Бул ырды Клара Алибекова абдан жеткиликтуу ырайт болчу. Кларанын аткаруусундагы ушул ырды да жуктоп койсонуздар жакшы болот эле
16.03.2012. 14:18
 toktoxan
ушул ырды угуп туруп Москвадагы кыргыздын жигиттери эске тушот.
16.03.2012. 23:03
 ova
Клара Алибекова голосу бул ырдын коркун ачат,
17.03.2012. 05:47
 Jamalym
Чын эле Кларанын уну булбулдай чыккан го
17.03.2012. 13:14
 nasirdin
жанагы эски ыр элего. Бирок жаныртып чыгышыптыр, оранжировка ничево экен +5
17.03.2012. 20:47
 baronessa
norma
18.03.2012. 15:10
 linara
Жакшы эле..бирок Клара ырдаган кездегидей журок кылын козгободу..
22.03.2012. 22:25
 Кайрат
албетте ыр аябай сонун бирок билбейм эмнегедир кыз-бурактын ырдаганы жаккан жок. К.Алибекова ырдаганда кадимкидей денен саягылашып кетет го а булар жеткире ырдай алган эмес же аранжировкасы начар болуп калган
25.03.2012. 18:50
 kuttum seni
баягы ле стиль, кыскасы, ырды "бардак" кылып салышыптыр.. Аранжировкасы жакшы эле.. Мен уже Кыз -бурак десе эле кандай ыр ырдашаарын алдын ала эле билип койчудай болгону калыпмын.. Озгоруу жок..
29.03.2012. 10:12
 777bazamat
бул ырды кларага эле бергилечи
28.07.2012. 18:30
 
жакпады мага Кыз-Бурактын ырдаганы башка ырларын суйуп укчумун а бул ыр Клара эжеге гана татыктуу ыр ал гана журокко жеткизип ырдаган
04.10.2012. 16:23
 bai.kymbat
башка ыр жок калгангоо Бир укканга жарайт
14.12.2017. 15:08
 Jesha_007
Минусу болсо жуктоп койсонор жакшы болот эле !!!! РАХМАТ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо