Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Съездбек Искеналиев "Кат жаздым"
04:02
3,69 Мб
Жүктөлгөн: 03-04-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Т.Байзаковдуку
Обону:С.Искеналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Ышкыдар болуп гүлүңө,
Ыр жазам сага күнүгө.
Ачылсын десең кабагым,
Ай болуп чыкчы түнүмө.

Көз артпай турган сен белең,
Көкүттө калчу мен белем?
Көңүлгө батпай сагыныч,
Күн нуру менен тең келет.

Кайырма:
Арманым менин арылмак,
Асыл бир максат табылмак.
Ааламга аруу нур төгүп,
Ашыктык жолу жаңырмак.
Гүлкайыр десем, чөп дейсиң,
Гүлшайыр десем, “Өх-х” дейсиң.
Көргөнү келсем таң менен,
Көзүңдү артпай, өп дейсиң.

Ташкындап турса суу толуп,
Толкунда жүрсөң куу болуп.
Тилекке улап тилекти,
Таң нуру тийсе туу болуп.

Күн нуру өлөт, мен калам,
Күн нуру өчөт, мен жанам.
Чаңкоосун дилдин баса албай,
Шар аккан суу менен бирге агам.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

03.04.2012. 23:52
 djkaro
супер
10.04.2012. 14:44
 bodrum
сонун ыр экен! азаматсын съездбек!
12.04.2012. 11:32
 kolya0992
sonun yr eken alga sezdbek
07.09.2012. 10:10
 matatas
Сьездбек азаматсыз. Ушул ырыныз журокко тийди. Тумонбай Байзаковдун текстине абдан сонун музыка жазыпсыз. Кыргыздын талантуу жигитери оркундой беришсин!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо