Айжамал Кабылова, Мерген Турган "Айта бар арманымды"
04:10
3,83 Мб
Жүктөлгөн: 18-04-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.58/5
(12 добуш)
Алыстан сапар тартып,
Айдың көч кербен келет.
Тааныштай ээрчип аны,
Көк менен булут сүзөт.
Шыңгыры коңгуроонун,
Угулат кулагыма.
Алаксыйт көңүл кушум,
Ашыктык ырларына.

Кайырма:
Сырдашым аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам соолуп,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.

Жымыңдап жылдыз көктө,
Жылгада жатсаң көрөт.
Апаппак булут менен,
Кошулуп кетким келет.
Кыйырсыз чексиз аалам,
Бар болуп калганын көр.
Ырчыга ошол дүйнө,
Тар болуп калганын көр.

Кайырма:

Кабарлап койсоң кана,
Үнүңдү угар болсом.
Үмүткө жетелене,
Сагынып күткөн болсоң.
Ак булут айтып барар,
Ак сүйүүм, махабатты.
Кербендер айтып барар,
Кусалуу жүрөк дартын.

Кайырма:

Комментарийлер (17)

18.04.2012. 19:23
 Шаиста Шатманова
Ушул версиясы өзгөчө жагат да! Азаматсыз, Мерген байке, ырды жетчү жерине жеткире ырдагансыз.
19.04.2012. 16:26
 milli
Ayjamal ejenin dagy unu abdan jakshy, Mergen baykege soz jok. Jakshy duet boluptur.
19.04.2012. 18:02
 jfj
супер
20.04.2012. 00:45
 kubaziza
сонун чыгыптыр
20.04.2012. 16:08
 Laden
Эми бул экөөнүн нааразычылыктары болбосо эле болду бири бирине.
20.04.2012 18:07
mubina
Laden, Даа тууру айтасынго )
20.04.2012. 19:49
 Taalai.kg77
азаматтар абдан жакты биринен бири ашат
25.04.2012. 13:40
 dmk-85
чоткий ырдашыптыр го?
24.06.2012. 05:22
 Erme4a
Azamatsynar,sonun yrdagansynar
22.09.2012. 19:29
 baibolot71
Молодец мерген жакшы ырдайт экенсин го,мага жакты ырдагандары.
16.10.2012. 21:38
 ainura220888
Соонун ырдашыптыр .
18.10.2012. 14:52
 ELKA-87kg
Мергендин уну жетпей калган го Айжамалдын озу ырдаганы оригиналдуу
09.03.2013. 00:55
 Yu-piter
Айжамал супер.....
09.03.2013. 00:57
 Yu-piter
Айжамал өтө сонун а Мерген дале ошол....
25.04.2013. 18:47
 240989
билбейм силерди мага жакты
24.08.2013. 00:09
 Myke
Баракелде, бар болгула, журоктун теренине жетет го чиркин.
27.01.2014. 09:10
 mashina
cuper
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо