Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Гүлнур Сатылганова "Жамгыр төктү"
04:43
4,3 Мб
Жүктөлгөн: 07-05-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Т.Казаковдуку
Обону:Т.Казаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(6 добуш)
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамаал согуп.

Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?

Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак кушумдай.

Кайырма:

Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскеребиз,
Алгач сүйүү унутулбай

Кайырма:

Комментарийлер (14)

07.05.2012. 13:41
 Laden
Бул жамгыр төктүнү баардык ырчыларыбыз ырдап чыгат окшойт!? Мен да ырдап чыгат окшойм жакында.
07.05.2012. 17:30
 Bad boy
Гулнур апчебиз анча жеткизип ырдай албаптыр. Жон эле койсо болмок экен. Бул ырды майын чыгара ырдаган Гулжигит гана го. Так что калгандарынар кыйналбагыла!!!
07.05.2012 22:35
Laden
Bad boy, Мен деле майын чыгарып ырдай аламда.))
07.05.2012. 19:47
 Kagan
тактоо Бул ырды Гүлнур эжебиз эчак эле ырдаган... көп жыл болду
11.05.2012. 07:25
 Амир
Сындаганга баарыбыз кыйынбыз. Гулнур эже бул ырды катыра ырдаган. Азаматсыз Гулнур эже.
13.05.2012. 23:22
 feya87
жамгыр токкондо жылуу уйдун терезесинен караап туруп ырды уксан сонунда эээээх жаштыгым деп коюууп
01.06.2012. 13:44
 Ulukbek83
Гульнур да Гулжигит да жеткире ырдай алган эмес бир гана Султан Садыралиев жеткире ырдаган.
05.06.2012 18:53
Шаиста Шатманова
Ulukbek83, кошулам, Султандын варианты баарынан жакшы чыккан.
19.06.2012. 19:03
 temirov
султан менен Гулнур эжени салыштырган кантип болсун
07.07.2012. 13:19
 aman-88
Султандын ырдаганы энннн жакшы чыккан.... тиги Гулжигитинер жон эле койсо болмок
07.09.2012. 16:08
 saparbek
Бул ыр мен бала чагымда, бери дегенде 30 жылдан ашты, хит болуп чыккан, Т.Казаков ырдачу. Бирок, өлбөс ырларды ар кайсы аткаруучу өз манерасында угармандарга тартуулаганынын жаманчылыгы жок - анда ырдын өмүрү узара берет. Султандыкы да, Гүлнур-эженики да өзгөчө оригиналдуу, ал эми Гүлжигиттин аткаруусу эларалык конкурста бааланган, аны сындабай, сыймыктанышыбыз керек.
28.01.2013. 23:45
 nurnsk
билбедим бирок мага жакпады,назик ундуу кыз ырдаса жарашат го
06.03.2013. 21:09
 Timur80.kg
Saparbek сенин созуно кошулам иним, сынабай кайра сыймыктанышыбыз керек, учоо тен оз стилинде жакшы ырдаган, учоо тен супер, Гулнур эженин бул ырын айтпайын, бирок эжеге баа жетпейт, ал эми Гулжигит Кыргыздын байрагын которуп аыбызды дагы бир чыгарып келди шооудан, ал эми Султандын аткаруусу магада ото жагат, таза журоктон ырдаган!
19.01.2014. 07:49
 marat.maratov
а мага уч варианты тен жагат ))) соонун ырдашкан !!:)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо