Майрамбек Осмонов "Арман"
04:31
4,15 Мб
Жүктөлгөн: 16-05-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:М. Осмоновдуку
Обону:Р. Нарынбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(10 добуш)
Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы?
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.

Менмин деген сулуулар бар,
Жүрөгүм тартпай калды.
Тарсылдап соккон жүрөк,
Айла жок жашка айланды.

Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.
Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды?
Өзүң деп соккон жүрөк,
Башкага чаппай калды.

Жаздыгым жалгыз калды,
Жаштыктанбы же мастыктанбы?
Түз жолдон мүдүрүлдүм,
Шайтандар азгырганбы?
Күндөр өтөт сызган куштай,
Каларбыз сыздап-сыздай.
Ажыратмак болсоң кайра,
Неге коштуң бизди, Кудай?

Кайырма:

Кош болгун, карлыгачым,
Ооруба, карыбагын.
Кусалык жанга батты,
Кыйналып сагынамын.
Ажырадың ардагыңдан,
Өкүнүп кайгырбагын.
Турмуштун жолу татаал,
Эмки жолу жаңылбагын.

Кайырма:

Комментарийлер (14)

16.05.2012. 13:48
 zman53
Майрамбек жакшы эле сыздадын го........
Нарынбаевдин варианты ото эле жакшы!!!!!!!!!!!!!!!!
16.05.2012 22:12
emil
zman53, Супер инфо мени бандан чыгарып коюнуздарчы.Канча убакыт калды дагы?Качан чыгарып оесуздар(((?
Комментарийлерди жашыруу
17.05.2012 17:28
zman53
emil, граматика "кричить' го..............
18.05.2012 16:39
zuzu86
zman53, кричит деп жазылат, граматика эмес, грамматика, сиздики аныкынан отот экен грамматиканыз ))))))))))
18.05.2012. 02:13
 Nursultan.m.n
иииий ийййй ийййййиииииииииииииииииииий ассааа
18.05.2012. 15:59
 4aidai
Айнура Салахидинова элге жеткире ырдаган. Майрамбектин варианты анча деле жаккан жок. Айнура ырдаган вариантты кары дебей жашы дебей созолонтуп журушот го. Бул обон мага жаккан жок. Майрамбек капа болбосун, Нарынбаевдин обону элге жеткиликтуу болгон. Бирок созундо кеп жок!
14.07.2012 03:48
AZAQATAR
4aidai, Mairambek dele jakshy yrdagan je men 1-jolu oshondon ukksngsby,bilbeym unu jagat
01.07.2012. 18:21
 Emka
Талантыныз ташкындай бериниз баракелди
03.08.2012. 08:22
 kentavr
negizi kyrgyz eli ozubuzdun kolubuzdan kelbese da syn takkandy jakwy korobuz.
22.08.2012. 15:27
 longines2002
ырдагандардын конулун которуп жакшы нерселерди жазсанар. озунордун колунардан келбейт да дагы сын тагасынар. уят гооо
14.12.2012. 15:37
 maks100589
"Жаздыгым жалгыз калды" деген жери жакты да! Унунузго береке! Кайда болбонуз, аман болунуз.
23.03.2013. 17:47
 azaika
Майрамбектен аша эч ким ырдай албайт.
Салахидинова мындан ары ырдап, ырды бузбай журсун!!!
Автор Форева!!!
04.11.2013. 13:07
 Tina_79
Майрамбектин ырдаганы ото соонун журоктон чыккан ыр журокко жетет.тее 99жылдары ушул ыр менен тан атырып кун батырчы элем.эх жаштык мастык.
29.08.2014. 00:18
 WINNER
Бул ырын уккан эмес экемин сонунго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо