Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Түгөлбай Казаков "Шуулдаба теректерим"
07:07
6,52 Мб
Жүктөлгөн: 18-05-2012
Жанр: Фольклор
Сөзү:С.Жигитовдуку
Обону:Т.Казаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.71/5
(7 добуш)
Шамалдуу уйгу-туйгу күз түнүндө,
Кыйналам уктай албай чоочун үйдө.
Шуулдап теректери шоокум салат,
Көрүнүп терезеден тоо түнүндөй.
Жабыла жалбырактар үн чыгарып,
Күйүттүү жаны тынбай күү чыгарып.
Качырып уйку кушун шуу-шуу этет,
Көңүлдүн шуу-шуу этет тынчын алып.

Терегим, шуулдаба, теректерим,
Эсиме шуулдасаң келет менин:
Өчүңкү өткөн күндүн элестери,
Өкүттүү өмүрүмдүн белестери.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Шуулдасаң ыйлагым келет менин,
Теректерим...

Кысылган тоо койнуна кыштагымда,
Түзөңдүн там-ташы бар төш жагында.
Шуулдап миң түп терек турар эле,
Атакем тигип койгон жаш чагында.
Бактылуу оо, ал кезде бир баламын,
Көпөлөк, оюн-күлкү — уулаганым.
Байкабай уктаганым калар элем,
Теректин угуп жатып шуулдаганын.

Бирге өскөн каргадайдан моюндашып,
Кадыр кеч агам экөөбүз коюндашып.
Теректер уктап жатсак, ойготчу эле,
Жел менен желбиртеген шыбырлашып.
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.
Капыстан, аскар тоодой атам ооруп,
Дартынан айыкпаган каза болуп.
Теректер ошондо да шуулдаган,
Жаткандай кошок айтып созолонуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Шуулдасаң ыйлагым келет менин,
Теректерим...

Бул өмүр өтүп барат зуулдаган,
Зуулдап өтүп барат улуу заман.
А силер жатасыңар, кайрандарым,
Туйбастан терек муңун шуулдаган.
Кадиксиз болсо дагы бир өлүшүм,
Кай күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөм, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Жүрөмүн өлбөчүдөй, кайрандарым,
Эшитип терек күүсүн силер үчүн.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин,
Шуу ыйлагым келет менин, теректерим.

Комментарийлер (7)

19.05.2012. 02:20
 Kagan
Айылым эске түштү
20.05.2012. 19:58
 Alimurat
salijan jigitov kiyin kiwi ele
07.07.2012. 11:37
 buduz-80
Туголбай ага бар бол,узун омур сизге!!!!
03.12.2013. 11:25
 Айдай
мениндагы ыйлагым келет.
15.03.2014. 16:54
 aralbek
ушул ырды укканда ыраматылык атамдын элеси жана анын тиккен теректери коз алдыма келип ыйлап алам.
28.01.2015. 00:33
 Eleonora79
Эн сонун ыр
07.09.2015. 22:35
 Tina_79
Ушул ырды укканда эрксизден балалыгым,ыраматылык атам эске тушуп козумо жаш айланат.эки кайталангыс таланттуу инсандын эмгеги.Туголбай ага бар болунуз коп жашаныз..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо