Алтынай Нарбаева "Барам сага"
03:08
2,86 Мб
Жүктөлгөн: 21-05-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Алмаш Чойбекованыкы
Обону:Кадыралы Артыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(12 добуш)
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Нөшөрлөп электете төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Мурдагы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага.

Комментарийлер (13)

21.05.2012. 22:29
 Narynbek
Кадыралы Артыковдун ушул ыры абдан жагат да.Азаматсыз Алтынай эже!Чыгармачылык ийгилик!
22.05.2012 11:42
hukker777
Narynbek, мага да Кадыралы Артыковдун ырдаганы жагат. Ошонун ырын жүктөп койсо жакшы болот эле mp 3 вариантын!
22.05.2012. 11:02
 koshmatov
сонун экен
22.05.2012. 18:34
 ruslanbek8686
Супер инфо мен кочуро албай жатам свой загрузки деп жатат,клип отуп жатат,а ыр болбой койду.
23.05.2012. 06:53
 KOrei
эн мыкты чыгармалар Арзыбек агабызда бизге белек, таазим сизге. Алтынай эженин уну да эн сонун
21.01.2020 21:39
Jelezo
KOrei, Кадыралы Артыковдун ыры
01.06.2012. 08:50
 kanybay
Эжени обожаю,
12.06.2012. 22:08
 placer
Бул ырыныз жакшынакай экен, ишинизге ийгилик!
21.10.2012. 19:18
 aygul_90
эн жакшы сизге ийгилик
04.02.2013. 10:36
 Argowa_94
эн сонун, алтынай эженин ырларын укканда сергий тушом. чыгармачылык ийгилик сизге!
27.05.2013. 15:43
 kg_trubach
аябай жакшы ыр экен
09.05.2015. 21:43
 jypar.i
Алтынай келтире ырдаган,эң сонун. Ырдын сөзүн жазган Алмаш Чойбекова тууралуу жазгылачы, сураныч
12.05.2015 13:37
admin_media
jypar.i, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо