Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Алмаз Шаадаев "Кечир мени"
03:48
8,75 Мб
Жүктөлгөн: 05-06-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Лариса Асанбекова, Сүйүндүк Бектурганов
Обону:Мирлан Абдраев
Көчүрүү
  • Currently 3.85/5
(13 добуш)
Кечир мени, көргөн кезде сүйүнсөм,
Кечир мени, сүйөмүн деп бүгүлсөм.
Санааңды бүт көкүрөгүң үшүтүп,
Самаайыңа сары кардай күбүлсөм.

Кечир мени, тынчыңды алып кыйнасам,
Кечир мени, кош деп коюп кыйбасам.
Кечир мени, жоготконду көп издеп,
Көөдөн толгон кусалыкты тыйбасам.

Кайырма:
Кечир мени, эшигимди бекиттим,
Гүл көтөрүп сунбаймын мен, кечиктим.
Көңүл бүрүн байкабастан сындырып,
Айрылуунун ачуу үнүн эшиттим.

Жамалыңа болбой эле арбалдым,
Неге мынча унута албай кармалдым.
Айланчыктап үмүтүм эч үзө албай,
Мен өзүмдүн сезимиме алдандым.

Кайырма

Жаралгансып менде сезим ушундай,
Калгым келди сени колдон учурбай.
Буйурбаптыр сени мага акыры,
Жүрөк сайрайт тоонун жалгыз кушундай.

Кайырма

Комментарийлер (12)

05.06.2012. 17:53
 Ima12
Ептеп септеп эле унунор чыкса болду турбайбы э... Ёёё )) ото начарМодератор AGAT түзөттү 05.06.2012 18:37
06.06.2012. 01:22
 LD9R
Bravo! Prosto klass! 9 ho4u klip sn9t ))
06.06.2012. 11:23
 Sagy
Что то не получается скачать.
06.06.2012. 13:02
 aman-88
ырдын тексти "эн" жакшы экен.обон и аткаруучу начар!!! кайрадан иштеп чыккыла
07.06.2012. 04:01
 AeCHka
Bizdin kyrgyzdarga biroonu jamandatyp koiso ele...Ozunor yrdai albaisynar, bul kandai emgek ekenin bilbeisiner.
Azamat Almazik, araketin jakwy, dagy koptop araket jasa, izden talbastan. Maga abdan jakty.
29.07.2012. 23:04
 magic
bir eki jolu uksa bolot birok baaribir kayradan iwtep chygyw kerek eken!!!
30.07.2012. 00:40
 Gerimka
нормольно....
25.09.2012. 11:42
 batyrkul
Sonun ele ken
04.10.2012. 19:57
 kg_bala_
норм эле го
25.06.2013. 22:56
 Nynysh
Ырдын тексти соонун экен бирок обону туура келбей калыптыр, обонуна иштесе эн соонун ыр болмок, но укса болот....
07.07.2014. 19:24
 mirlan15
Алмаз талантына тазим Лейлекке концерт берип кетпейсинби бир
02.09.2014. 02:57
 mega.argen
Ун жок ырга соз жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо