Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сыймык Бейшекеев "Мен сени эч кимге бербеймин!"
03:53
3,56 Мб
Жүктөлгөн: 12-06-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.42/5
(12 добуш)
Негедир бардыгын жеңсем да,
Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин?
Мелтиреп, үн-сөзсүз, муңайым,
Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн.

Өзүңдү эч кимге бербеймин,
Өмүрдө болбостур арманым.
Эңсетип кабылган бактым сен,
Эркетай, асылым, ардагым.

Кайырма:
Бактыма нур чачкан жарыгым,
Башканы мынча не көрбөймүн?
Мейли ким, кандай деп айтса да,
Мен сени эч кимге бербеймин.
Жаралып кайрадан өмүргө,
Жашоого экинчи келбеймин.
Андыктан дүйнөдө, асылым,
Мен сени эч кимге бербеймин.

Негедир бардыгын жеңсем да,
Сүйүүнү эмнеге жеңбеймин?
Сезимим делбиреп, табышмак,
Сен деймин, сен деймин, сен деймин.

Карындаш, кара көз жалжалым,
Капилет карегим арбадың.
Көргөндөй болдуңбу сен дагы,
Көзүмдө сүйүүнүн жанганын.

Кайырма:

Негедир бардыгын жеңсем да,
Тагдырды мен эмне жеңбеймин?
Ал тагдыр сен болдуң жолугуп,
Артка эми кайт десең, көнбөймүн.

Мага да Теңирим буюрган,
Махабат конушун жердеймин.
Мээлеген мергенчи турса да,
Мен сени эч кимге бербеймин.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

12.06.2012. 23:24
 
Эн сонун +5
14.06.2012. 06:08
 aisel
Сыймык байкенин ырларын жакшы коруп угам.а бул аудиофайлды кочуруп алдым.бирок,ачылбай жатат...
14.06.2012. 19:39
 tiku
отстой вообще музыкасы,келишпейт созуно музыксы ызычуууууу болуп калыптыр......(((((
19.06.2012. 19:49
 Larisa-92
tiku
отстой вообще музыкасы,келишпейт созуно музыксы ызычуууууу болуп калыптыр......(((((
Озун отстой.
26.10.2012. 00:34
 chopa1405
эн сонун ыр просто супер!
27.10.2014. 06:09
 aiza.kyrgyzkyz
Мен сизди женемден башка эч кимге бербейм))) жакшы ыр, мага арналган ырлардай)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо