Абидин Темиров "Ала-Тоом"
05:28
5 Мб
Жүктөлгөн: 27-06-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Темировдуку
Обону:А.Темировдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.55/5
(11 добуш)
Өмүр көчүн улап, токтобой,
Мезгил сызат чексиз кыялдай.
Тоо башында бүркүт толгонот,
Тоонун көркүн аяп, кыя албай.

Кайырма:
Кереметтүү аппак Ала-Тоо,
Кылым келет сени эскерип.
Кыргыз үчүн тоодо төрөлгөм,
Түбөлүктүү сенсиң эстелик.

Алыс кетсе эгер урпагың,
Түшкө кирер арча-черлери.
Табияттын ыйык бейиши,
Ким сүйбөсүн кыргыз жеримди?

Кайырма:

Улуу тоолор, ыйык тоолорум,
Өмүрүмсүң менин бүтүндөй.
Жашоого сен кубат бересиң,
Энекемдин аппак сүтүндөй.

Кайырма:

Айланайын аппак тоолорум,
Касиеттүү бийик зоолорум...

Комментарийлер (6)

22.07.2012. 11:04
 TyTuk
Ай керемет ай керемет..........укмуш ыр............
24.08.2012. 23:22
 ulutbek
сонун.ыр деген,ун деген мындай болот!!!укканда ичимде бир нерсе ээрип кеткендей болот.
12.09.2012. 01:18
 akynbaev
Бул ырды Кыргызстандын расмий эмес гимни кылып койсо неге болбойт. Ар бир кыргыз ушул ырды жаттап алып башка элде жургондо ырдап берсе го, сонун болмок деп ойлойм.
27.10.2012. 16:24
 strangergirl
Эц соооооонун ырлардын катарын толуктайт
03.11.2012. 22:16
 nasirdin
укмуш ыр муну жаныдан иштеп чыгам буйруса
16.02.2018. 17:57
 keldievna.p
Классно
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо