Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Клара Алибекова "Кыргызымдын жигиттери"
03:01
1,38 Мб
Жүктөлгөн: 28-06-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:К.Урманбетовдуку
Обону:Т.Нурматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.70/5
(27 добуш)
Ала качып, ала качып,
Аргымактар арыш керет.
Азанатып, азанатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү - от, каны ысык.
Ала-Тоону бел кылып,
Ата Журтту дем кылып.
Абалтадан шок болот,
Алоолонгон от болот.
А болбосо жок болот,
Кыргызымдын жигиттери!

Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп,
Жердин бетин тулпар келет.
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп,
Дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кубанышат кыргыздар,
Кубатташат жылдыздар.
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!

Учту мына, учту мына,
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурулуп, шукшурулуп,
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам,
Жакындады боз улан.
Ана жетти, жетти, жетти,
Бек кучактап кетти, кетти, кетти.
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!

Комментарийлер (33)

29.06.2012. 09:52
 Bat
Сонун
29.06.2012. 21:24
 
мен суйгон ырго соонун ыр аябай жагатта мага
30.06.2012. 17:48
 Mira.24.
Суппер ыр да йий.
30.06.2012. 22:28
 BAKITBEK
Жакшы ыр !Айтпай агайы ырдаткан.
01.07.2012. 15:17
 bathet
Клара Алибекова дегенде жигиттер чуркачуубузда
03.07.2012. 10:52
 nurbek_posol
Клара сонун ырдайт... кичинекей кезибизде ырдап чыккан, ошон учун балалыкты эске салат. Кларанын "Кыргызымдын жигиттерин" биринчи ырдап чыккандагы версиясы кобуроок журокко жакын.. Болсо шилтеме берип койгулачы сураныч
31.07.2012. 10:23
 vvvb
Чоку болот тоолордун бийик жери ,Чокудай бол кыргызымдын жигиттери...Кыргыз сулууларына дайым ушундай ырлар жарала берсинчи...
12.11.2012. 11:52
 aziza
Супер молодец. Кларанын уну абдан жакшы ,накта талантуу кыз.
09.01.2013. 20:51
 bopos
Клара каята азыр ким билет?
02.03.2013. 17:51
 janarbek
Бул ырды эн башкы версиясын уксак жакшы болот эле, админ сизден отунуч
08.06.2013. 10:34
 Shorobashat
Эн сонун соз жок!
13.07.2013. 02:35
 kubaA
мени чонойткон ырлар го чиркин
22.07.2013. 13:50
 baha76
ал менин эжем
30.08.2013. 12:38
 Tilekhan
Кичикий мезгилиндеги уну сонун эле да! 4-5 класс убагында ырдаган уну жагат! Бул версиясы чын айтсам анча жакпайт!
01.11.2013. 04:51
 belosnejka1
Кларанын ашыгымын да !
03.11.2013. 20:04
 Nuska587
Кичинекей кезиндеги версиясын дагы киргизип коюнуздарчы, чон сураныч! Чооон рахмат))
04.11.2013 09:43
admin_media
Nuska587,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
03.11.2013. 20:21
 alai81
эн сонун ырдайт.
12.12.2013. 12:37
 sale-81
ушу ырдап жургон кундору менен азыркы кунун салыштырсам ыйлагым еле келет ушундай жарык жылдыздын очуп калганына просто еле ичим куйот..убалы бир адамга аябай еле тийет болуш керек
12.12.2013. 12:45
 asal
ушунчалык шанду кызды жак кылдыа момунов жанышыбы же байышыбы кимаси болсода колундагы алтындын кадыр баркын билбеди.Модератор admin_media түзөттү 12.12.2013 12:46
19.01.2014. 09:26
 jena_pokera
Кутобуз жакшы чыгармадарды ийгилик!!!!!!!!!!!!
19.01.2014. 09:33
 never-cry
мумкун болсо кичинекей кезинде ырдаганын видеоверсиясын жуктоп койунуздарчы.абдан сагындык,кыздарыма койуп берейин
06.02.2014. 02:40
 azamat4ik
эн сонун ыр мумкун болсо жаш кезинде ырдаганын жуктоп койунуздарчы
09.02.2014. 03:06
 toichubek1984
Кайра келгенин чын болсо жаны ырларынды кутобуз бирок азыркы артис кыздардан жакшы ырдайт ретро болсода алга талантына талант кошулсун сахнанын алдынкыларынан бол
18.03.2014. 21:53
 kyrgyzstan.777
сураныч супер медиа эски версиясын кошкулачы рахмат кутобуз
19.03.2014 10:42
admin_media
kyrgyzstan.777,
Саламатсызбы! Тилекке каршы аткаруучуда да эски версиясы жок болуп жатат. Сунушуңузга рахмат!
19.03.2014. 13:37
 Sejitgazy
сураныч ырдын текстин дагы жазып коюнуздарчы
29.06.2014. 12:46
 medetbek
саламатсызбы супер инфо клипби барбы ушул ырдын болсо кошуп койосонуздар сураныч?
30.08.2014. 23:52
 marat_1910
мен да эски версиясын таппай атам ошол версисы сонун болчу
18.10.2014. 15:00
 suiuktuujar
ураа мен суйгон ыр унунузго береке чыгармачылык ийгилик
18.10.2014. 15:11
 Aipri
Соонун ыр. Уккандан тажабайм.
03.04.2015. 21:23
 adilet.alaikuu
эски версиясы бар го.эптеп табыныздарчы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо