Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Гүлжигит Калыков "Жолугарым билгемин"
03:51
4,42 Мб
Жүктөлгөн: 10-07-2012
Жанр: Поп
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.13/5
(16 добуш)
Биз жолуктук, качан, билбейм, үмүтүм,
Жүрөк отун ээлеп алдың сен бүтүн.
Бир гана эмес, тагдырга миң,
Тагдырга миң, таалайыма ыракмат.
Бизди кошкон,
Ошол айлуу, ошол жыргал,
Ошол бейпил түн үчүн.

Мен жашоодо канча жолу ыйладым,
Бакыт издеп, өзүмдү өзүм кыйнадым.
Жолукканда карай берип,
Карай берип, карай берип өзүңдү.
Кубанычтан көөдөнүмө,
Көөдөнүмө көлкүлдөдүм, сыйбадым.

Ошондогу сулуулугу, ай, дүйнөнүн,
Мен Жер шарын чарк айланып жүргөнмүн.
Билбесем да, бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү,
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин.

Билбесем да бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү.
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин,
Жолугарым билгенмин.

Комментарийлер (6)

14.07.2012. 23:37
 Zhanyl
Жакшы ырдаптыр
26.07.2012. 13:24
 TolonturCN
Жакшы ырдалыптыр, эски ырларды эгер жеткире ырдай алса эле жогорку деңгеелде, өтө соонун ыр болуп калат экен, бирок тамтырап ырдай албаса жакшы ырды бузуп, кунун кетирбей ырдабай койгон жакшы.
26.07.2012. 19:26
 batmakan
unung jon ele super! soz jok! Sozgondo biraz Batyrhan Shukenovdun ununo okwop ketet.
31.10.2012. 22:30
 maxigold
класно!!! за душу береть!!!
03.11.2013. 19:24
 jaran
гулжигит досум еркексин алга ырды сонун жаздырыпсын
11.01.2014. 23:56
 tim_ele
keremet kaira kaira ukkun kelet eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо