Иса Өмүркулов "Бир тамчы"
03:11
3,64 Мб
Жүктөлгөн: 24-08-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(6 добуш)
Кайырма:
Жаз болуп жактың,
Гүлдөй наздана.
Жалынга баттым,
Жалгыз мен гана.

Күлгөнүң күмүш булак,
Жүрөккө жүрүш кылат.
Жүзүңдөн сүйөмүн деп,
Күн дагы күлүп чыгат.
Сыласаң желге боюң,
Сыдырым жел болоюн.
Бактыма эмне жарашса,
Бардыгы мен болоюн.

Кайрыма:
Жаз болуп жактың,
Гүлдөй наздана.
Жалынга баттым,
Жалгыз мен гана.
Сүйкүмдүү карап,
Көңүл бурсаңчы.
Сүйүү бер мага,
Сүйүү бир тамчы.

Кайда деп күкүктөрдөн,
Карасам бүттүк жерден.
Ажайып перисиңби,
Асмандан түшүп келген?

Кайырма:

Комментарийлер (2)

23.03.2013. 19:22
 bakan
Супер ыр, сонун айкалыш, сонун эфект, угууга да сонун жагымдуу ыр...
21.06.2013. 15:44
 menedjer
мммммм жактыыы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо