Гүлзат Байзакова "Эне тилеги"
03:04
2,81 Мб
Жүктөлгөн: 24-08-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(10 добуш)
Эненин ыйык дешет тилек-үнү,
Эзилип тилеп келем күнү-түнү.
Эл уулу болор деген үмүтүм бар,
Эр жетип актайсыңбы сен үмүтүмдү?
Эр жетип айыктырып күйүтүмдү.

Кубанычым, кагылайын, карегимсиң,
Канымдан жаралган бир данегимсиң.
Мезгилсиз бул жашоодон өтүп кетсем,
Калтырар бул дүйнөгө белегимсиң,
Калтырар мурасымсың, сен тирегимсиң.

Дүйнөдө сен бар үчүн баарын жеңем,
Дүнүйөм баары түгөл сени менен.
Дүйнөдө теңдеши жок алтынымсың,
Дүйнөдө сен бар үчүн жашап келем.
Дүйнөдө сен бар үчүн жашай берем.

Комментарийлер (9)

29.08.2012. 00:05
 Boss77
супер
30.08.2012. 05:24
 Nuriik
Kandai sonun yr :-)
04.11.2012. 23:52
 data-alima
Гулзат эже азаматсыз! Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм!
10.12.2012. 08:46
 bomba
Ой сонун да, Суперчилер сиздерден 32 жолу сураныч, Гулзат эженин "Журок ыйлайт, журок сыздайт мунканып" деген ырын чыгарып бергилечи, автордун аткаруусунда дле боло берет эле. Автору Догдурбек Тукунчоев, фамилиясын унутуп калдым...
10.12.2012 09:55
admin_media
bomba,
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
20.01.2013. 20:13
 kubaA
Гулзат эженин ырлары аз экен кобурок кошуп коюнуздарды суранам. рахмат.
04.09.2013. 16:34
 admin_media
Aika_M,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Купуя кат жазып койсоңуз. Рахмат!
30.10.2017. 22:50
 temirov76
Охх,мына ыр!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо