Айгерим Расул кызы "Кызыл өрүк"
03:00
2,4 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Нинакан Жүндүбаеваныкы
Обону:Канымгүл Досмамбетованыкы
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Жазда келгем айлыңа, кызыл өрүк,
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп.
Күндө отуруп түбүңдө, искеп жытың,
Карай берем кайталап, көңүл бөлүп.
Ого бетер күлүңдөп сени карап,
Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик.

Күндөгүдөй күлүңдөп мени карап,
Коштошууга кол берип келдим сага.
Жыпар жытың жыттайын, аябачы,
Белек болсун өзүңдөн ошол мага...
Неге мынча бук болом камыккансып,
Ысыйт денем алоолоп күйүп-жана.

Жазда келгем айлыңа, кызыл өрүк,
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп.
Күндө отуруп түбүңдө, искеп жытың,
Карай берем кайталап, көңүл бөлүп.
Ого бетер күлүңдөп сени карап,
Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик.

Комментарийлер (7)

26.09.2012. 22:43
 guragan
Обновление классики кыргызской эстрады.
Нравится..
Молодец Айгерим. Удачи!
03.10.2012. 08:43
 Paiaz
сен ырларындын бири да жакбады Айгерим
31.10.2012. 02:21
 prima
horoshaya pesnya..., no devka menya besit
04.04.2013. 17:51
 Happymom
Мен теледен Айгеримдин "Кызыл өрүк"деген ырын угуп негедир капаланам,анткени кээ бир сөздөр туура эмес айтылып калган.М:Обонсуйсуң өмүргө өзүң черик.-деп ырдайт.Жакшына ырлардын маанисин жоготуп ырдагандан көрө ырдабай эле койсо болмок,же боло берет дегенби.Биз кыргыз тилин өнүктүрө албай жатканда ушундай канча каражат коротуп жаткан соң терең ойлоп карап койсо болмок.
14.04.2013. 01:07
 uty
жакшы ырдаган
30.05.2013. 12:23
 eldiyarmacho
э билбейм силер кандай ойдосунар бирок мага жагат ушул ыры мен Айгеримди ушу ыры учун баа берем азаматсын Айгерим кызыл оруктой ырларды коп коп ырдайбер
21.06.2013 23:56
almagul_aravan
eldiyarmacho, оа туура айтасыз сонун ыр, и мага деле аябай жагат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо